Соттолгон мурунку социалдык өнүктүрүү министринин жардамчысы бошотулду

Соттолгон мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзахмедов тергөө абагынан мөөнөтүнөн мурда чыкты. Ал жетекчиси менен бирге пара талап кылууга күнөөлүү деп табылган болчу.

Мирзахмедов «бир-эки ай мурун» эле бошотулган, бирок бул тууралуу бүгүн гана белгилүү болду.

Анын бошотулганын Kloop.kgнин журналисттерине Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов ырастады.

Анын пикиринде, Мирзахмедов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында «мыйзамсыз» кармалып турган болчу.

Айткулов жазында үч жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылгандан кийин Мирзахмедов №1 тергөө абагына, андан кийин колонияга которулушу керек болгонун, бирок аны кайрадан УКМКнын тергөө абагына алып барышкандыгын айтып жатат.

«Сабировду алар №1 тергөө абагына, андан ары колонияга жөнөтүшкөн, а Мирзахмедов — бошотулганга чейин УКМКнын тергөө абагында камалган боюнча калган», — деди жактоочу.

Айткулов божомолдоп жаткандай, бул Сабировго каршы көрсөтмө бердириш үчүн атайын кызматтагылардын ар дайым Мирзахмедовго карата басым жасап турушу үчүн жасалган.

«Бул анын ар дайым атайын кызматтагылардын басымы алдында болгондугун жана УКМКнын кызматкерлери айткан нерселердин бардыгын аткарып келгендигин көрсөтүп турат. Анын Сабировго жалаа жапкандыгы УКМКнын кызматкерлеринин кылганы», — деп ишенет ал.

Азырынча Мирзахмедовдун бошотулушу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети комментарий бербей эле.

Башкы прокуратура Сабиров менен анын жардамчысы Мирзахмедовго каршы 2012-жылдын июлунда кылмыш ишин козгогон. Анда өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы параны министр үчүн талап кылгандыгын айткан Мирзахмедовдун көрсөтмөсүнө таянган болчу.

Майдын аягында Жогорку сот мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду беш жылга, анын жардамчысы Тахир Мирзахмедовду үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Сот анда аларды бала асырап алуу укугун бере турган лицензия үчүн италиялык компаниядан пара талап кылууга күнөөлүү деп тапкан болчу.

Айыпталган экөө тең күнөөлөрүн моюндарына алышкан эмес.

Автор: Александра Ли