Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Катардан келген атаандаштары менен болгон оюнунда 3:4 эсебинде жеңилип, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы Азия биринчилигинде ойноого элестүү гана мүмкүнчүлүктөрү менен калды.
Катар футболчулары оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле демилгени колго алып, эсепти 5чи мүнөттө эле ачууга жетишти - Фахд Альсори оң капталдан чыгарылган топту кыргызстандыктардын дарбазасына таамай туштады.
11 мүнөттөн кийин, Кыргызстандыктар өз айып аянтчасында Мохаммед Шебанга каршы оюн эрежесин бузган соң Ахмед Аль-Мегессиб он бир кадамдык айып соккусун так аткарды.
31-мүнөттө Катар эсепти 3:0гө жеткирди — Хассан Паланг талаа түпкүрүнөн чыгарылып берилген топко жетип, дарбазачы менен бетме-бет чыккан соң топту кыргызстандык дарбазачы Тимур Веселовдун башынан ашыра өткөрүп койду.
Өзүнүн тандап алуу тобунда чыныгы лидер катары саналган Катар курамасына эч кандай коркунуч деле жоктой сезилген, бирок кыргызстандыктар күтүүсүздөн оюндун багытын өзгөртө алышты.
Беттештин 35-мүнөтүндө Алишер Дурусбек уулу иштеп тапкан он бир кадамдык айып белгисин Алмаз Ибраимов ийгиликтүү аткарды.
Тыныгуудан кийин Кыргызстан натыйжасында эки гол алып келген каардуу чабуулга өттү.
56-мүнөттө Алимардон Шукуровдун сол капталдан эптүү көтөрүп берген тобун Халид Аль-Хитми башы менен өз дарбазасына киргизип алды — эсеп 2:3.
88-мүнөттө Кыргызстан курамасынын бир нече жолку курч чабуулдарынан кийин Кадырбек Шаарбеков айып соккусун Абдулрахман Аль-Алинин дарбазасынын жогорку сол бурчуна таамай туштай алды.
Бирок кыргызстандыктардын сүйүнүчү көпкө созулган жок — бошоңдой түшкөн коргонуусу кошумча мүнөттө Веселов менен бетме-бет чыгып, Катар курамасын кайрадан алдыга чыгарган Халид Мазиданы өткөрүп жиберди.
Бирок жеңилгенине карабастан Кыргызстан дагы деле Азия биринчилигине өтүү үчүн элестүү мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Ал үчүн Катар жекшемби күнү боло турган беттешинде Оманды жеңиши керек жана калган тогуз тандап алуу топторунда экинчи орун алган, бирок Кыргызстандыкынан аз упайга ээ болгон беш команда болушу керек.
Авторлор: Бектур Искендер, Шерзод Бабакулов жана Тилек Бейшеналиев