Орусиялык либерал-демократтар Орусия Федерациясынан Орто Азия өлкөлөрүнө акча которууга убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштады. Кыргызстандын эмгек министрлигинин алдындагы миграциялык башкармалык бул демилгени «нонсенс» деп атады.
15-октябрда Орусиянын либерал-демократтар партиясынын (ЛДПР) бир нече мүчөсү өлкө премьер-министри Дмитрий Медведевге Орто Азия өлкөлөрүнө акча которууга убактылуу мораторий киргизүү өтүнүчү менен кайрылуу жазышты.
«Бул мигранттардын биздин өлкөгө келип иштеп, тапкан акчасын үй-бүлөсүнө жөнөтүүнүн кызыктуулугун, жагымдуулугун кыскартуунун өтө зарылдыгынан улам келип чыгууда», — деп жазылган кайрылууда.
Кайрылуу Москванын Бирюлево районунда 25 жаштагы шаар тургуну Егор Щербаков өлтүрүлгөндөн кийин жазылган.
Москвалыктар Щербаковдун жанындагы кыздын айткандарына таянып, кылмышты «кавказдык» адам жасаган деген шек менен митинг өткөрүшкөн, ал өз кезегинде мигранттарга байланышкан жергиликтүү бизнестерди талкалоого чейин өсүп жеткен.
Жыйынтыгында полиция башаламандыктын 400дөй катышуучусун кармаган.
«Мигранттар акча таап атышат, а орусиялыктарга оорулар, баңгизаттар жана кылмыштын өсүшү калууда. Акыркы күндөгү окуялар адамдардын чыдамы кеткенин жана бардык төрт багыт боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарыл экендигин көрсөтүп жатат», — деп жазылган ЛДПРдин кайрылуусунда.
Мыйзамдуу иштеп тапкан акчалар
Кыргызстандын Эмгек министрлигинин миграциялык башкармалыгынын башчысы Доскул Бекмурзаев ЛДПРдин демилгесин «нонсенс» деп атады.
«Мен аларга [мигранттарга] тыюу сала алышпайт деп ойлойм, анткени алар акчасын мыйзамдуу иштеп таап, мекенине жөнөтүп жатышат. [...] Бул толугу менен легалдуу операция, ага тыюу салуу — нонсенс», — деди Бекмурзаев Kloop.kgге берген маегинде.
Ал москвалыктын өлүмүнө «кавказдык адам» шектелип жатканда Кыргызстандын жарандары үчүн мораторий киргизүүнү адилетсиз деп эсептейт.
«Ал жакта мыйзамды Орто Азиядан барган мигранттар бузган эмес, а Кавказдан баргандар бузушкан. Алар болсо Орусиянын жарандары [...] Орусия мигранттар жок жашай албайт, ал жакта мигранттар гана иштеген тармактар көп», — деди чиновник.
Бекмурзаев Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматтарына таянып, Орусиядагы мыйзам бузуулардын 4 пайыздан ашпаганы гана мигранттар тарабынан жасалаарын билдирди.
Автор: Александра Ли