Классика чыгармаларынын күйөрмандары азаюуда

3

Учурда Ошто курч окуялуу детектив китептер өтүмдүүрөөк. Анткен менен сатуучулар дүйнөлүк классика  күйөрмандары азайып баратканын айтышат. Басмаканаларда болсо автобиографиялык китептер жана документтик кагаздар басылып чыгууда.

Ош шаарынын тургуну Абдымиталип Мырзакметов ушу күнгө чейин 10 миңден ашык китепти окуп чыккан. 5 миңден ашуун китепти 25 жыл бою чогулткан. Ал эми электрондук китепканасы менен эсептегенде баары болуп 10 миңден ашат. Өзү көп жылдан бери Ош мамлекеттик университетинде эмгектенет.

 Абдымиталип Мырзакметов
Абдымиталип Мырзакметов

“Ата-энем экөө тең мугалим болгондуктан, кичине кезимден эле китеп дүйнөсүнө киргем. 2-классымда Гектар Мало аттуу француз жазуучусунун “Жетим” деген китебин окуган элем. Ошондон улам кызыгуум артып, китептерден алыстай албай калгам. Көбүнчө тарыхый чыгармаларга кызыгам. Акыркы сатып алган китебим “История Тувы” (Тува тарыхы) болду”, - деди А.Мырзакметов.

Ал китеп сатып алууда көбүнчө тармактык багытына жана сапаттуулугуна карайт. Кыргыз жазуучуларынан Чыңгыз Айтматов менен Мырза Гапаровту көп окуйт. Ал эми чыгыш жазуучуларынан америкалык Джек Лондон жана француз Виктор Гюго жазуучуларын өзгөчө баалайт.

“Мен окурмандарга көбүнчө энциклопедияларды, эпосторду, сөздүктөрдү окууну сунуштайтэлем. Улуу француз философу Дидро : “Адам качан окуганды токтоткондо, ойлонгонду да токтотуп коет”- дегендей, көбүрөөк окууга чакырам”, – дейт Абдымиталип Мырзакметов.

Ал эми эмерек саткан Ош шаарынын тургуну Гүлжан Арзиева кыргыз детектив чыгармаларына кызыгат. Курч сюжеттүү китептерден 50гө жакынын окуган. Айгүл Шаршен, Капар Сөлпиев, Назүл Калмамбетова, Бердикожо Бийназаровдун китептерин сыясы кургай электе сатып алып окуйт. Ал жылына китеп сатып алуу үчүн 5 миң сомдой каражат сарптайт.

“Мен чыныгы болгон окуяларга аябай кызыгам. Аталышына өзгөчө маани берем. Аталышы кайгылуу болсо, кайдыгер карап тура албайт экенсиң. Мен аябай эмоционалдуу болгондуктан, окуп атып ыйлаган учурум да көп болот. “Жетим кыздар” деген китеп өзгөчө таасирленткен”, – дейт Гулжан айым.

Анын үйүндө өзү сатып алган 300дөй китеби бар.

Чет элдик адабиятка кызыккандар да жок эмес. Ош мамлекеттик социалдык университетинин студенти Таттыгул Рысбаева айына 8-9 китеп окуйт. Чет эл романдарын өзгөчө жакшы көрөт.

Таттыгул Рысбаева
Таттыгул Рысбаева

“Менде көбүнчө түнү уйку болбойт. Ошондуктан, китеп окуп таң атырам. Үйүмдө 500дөн ашык китеп бар. Мага “Джен Эйр” жана англис жазуучусу Марк Твендин “Принц и нищий” деген китептери өзгөчө жагат”, - деди Татына.

Ага китепти көбүнчө апасы белек катары берет. Ошондой эле достору менен да китеп алмаштырат. Акыркы сатып алган китеби фантастикалык жанрдагы “Обмен разумов” (“Эс-акыл алмаштыруу”) болгон.

“Китепти сатып алардан мурда башкы жана аяккы беттерин окуп чыгам. Эгер жакса, сөзсүз алам. Биринчи окуган китебим 1-класста орус жазуучусу Пушкиндин “Собрание сказок” (“Жомоктор жыйнагы”) китеби болгон”, - дейт Таттыгүл Рысбаева.

Сатуучулардын айтымында, китеп күйөрмандары азаюуда. Китеп дүкөнүндө орто эсеп менен айына 50-60 китеп сатылат. Алармандардын чамасына чак келбеген китептер да болот дешет.

“Китеп сурап келгендер азайды. Көбүнчө Дейл Карнегини, “Бизнес психологиясы”, медициналык китептерди, кыргыз адабиятын, сөздүктөрдү көп сурашат. “Адам анатомиясы” деген китепти сурап келишкендер көп, бирок, ала албай кетишет. Анткени анын наркы 8 миң сом”, - дейт сатуучу Абдыганы Маматов.

Акыркы жылдары Оштогу басмаканалар адабий китептерди эмес, көбүнчө бухгалтердик жана документ кагаздарын басып чыгарууда. Адабий чыгармаларга суроо-талап аз болуп жатканын жүйөө келтирди басмакана кызматкери.

“Бизге көбүнчө улуу жаштагылар өзүнүн биографиясын китеп кылып чыгаруу үчүн кайрылышат. 50 нускадан кем эмес буюртма кабыл алабыз. Китеп басып чыгарууга орточо  50-150 сомго чейин төлөшөт”, - деди басмакана ишчиси.

Акыркы 50 жыл ичинде дүйнөдө эң окумдуу китеп болуп Библия табылган. Андан кийин Мао Цзэдундун «Цитатник» китеби. Джоан Роулингдин «Гарри Поттер»  чыгармасы – тизменин кийинки сабында.Наполеон Хиллдин “Ойлон жана байы» китеби окумдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет.

Автор: Назгүл Мадазимова

Сүрөттөрү автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева