№47 абактын ооруканасында жаза мөөнөтүн өтөп, гемофилия менен ооруп жаткан адам үч күндөн бери тамак жана суюктук ичүүдөн баш тартып жатат. Ал анын дарыланышы үчүн зарыл болуп жаткан кан куюуу процедурасынын жасалышын талап кылып атат. Бирок буга Жазаларды аткаруу кызматынын мүмкүнчүлүгү жок.
А тобундагы гемофилия менен ооруган Давран Кадыров 16-октябрь күнү эртең менен кургак ачкачылык жарыялады. Ал айыгып кетиши үчүн ага кан куюлушун талап кылып жатат.
«Мен дарыланышым керек, мен бутума тура албай калдым. Судьяга барсаң далил жок деп жылдырып коет», — деди ал.
Кадыров азырынча кылмышка шектүү деп гана эсептелинет жана сотко чейин тергөө абагында камалышы керек болчу, бирок ал ооруканасы бар үчүн №47 абакка которулган.
Ошентсе да ооруканага которулушу аны тиешелүү дарылануу курсу менен камсыз кыла алган жок.
Кадыров эгер анын талабы аткарылбаса венасын кесе тургандыгын билдирип жатат.
«Эгер мени дарылашпаса венамды кесем, ошондо кандай дарылай тургандыктарын көрөм», — деди ал.
Кадыровдун айтымында, ачкачылык жарыялагандан кийин андан тамак жана суюктук ичүүдөн баш тарткандыгы жөнүндөгү арызын кабыл алгылары келген эмес.
«Эртең менен отрядникти [камактагыларды текшерүү үчүн келип, алардан арыздарын чогултуп кетчү киши] таппай койдум, кечинде жетекчиликке барып айтууга туура келди. Отрядник келбейт, дарыгерлер келишпейт, адамдарды таптакыр баалашпайт», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Аппараттар жок
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Ольга Степкичева Kloop.kgге берген маегинде №47 абактын алдындагы оорукана Кадыровго кан куя албастыгын билдирди.
«Ага кан куюуу зарыл болуп жатат, бирок тилекке каршы ага жардам берүүгө биздин күчүбүз жетпейт. №47 түзөтүү абагынын алдындагы ооруканада кан куюуучу аппараттар жок», — деди ал.
Степкичева Жазаларды аткаруу кызматы ачкачылык жарыялаган камактагы адамга жардам берүү өтүнүчү менен түрдүү уюм, мекемелерге кайрылып жаткандыктарын айтып ынандырууга аракет кылды.
«Биз ага тезирээк жардам берүү максатында Республикалык кан борборуна, эл аралык уюмдарга, алардын ичинде Кызыл крестке да кайрылдык», — деп кошумчалады Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы.
Дарыгерлер абактагы оорулунун абалын «орто жана оор» деп баалап жатышат.
Маңзатын сактаган деп шектелүүдө
Кадыров менен бирге катуу ооруп жаткан абактагы дагы бир адам, Камчыбек Жанадылов да ачкачылык жарыялаган болчу. Ага жүрөктүн эки клапанын алмаштыруу талап кылынууда, бирок Жазаларды аткаруу кызматынын буга да мүмкүнчүлүгү жок.
Ал ачкачылык акциясын 17-октябрда, саламаттыгынын начарлап кеткендигине байланыштуу токтоткон.
Кадыров 2011-жылдын декабрында кармалган. Ал маңзатын сактаган жана таркаткан деп шектелип жатат.
Шектүүнүн өзү болсо аны атайын уюштурулган сценарий боюнча айыптап жаткандыктарын билдирүүдө.
«Мага уялбастан эле 10 килограмм героинди алып келип, бул сеники деп туруп камап салышты. Өздөрү сотко келбей жатышат, эч нерсе далилдешпей эле», — деди Кадыров.
Автор: Александра Ли