Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери милицияга телефон чалып, «Бишкек Паркта» бомба бар экендиги жөнүндө жалган маалымат билдирген адамды кармады. Анда ал маалымат соода борборунун ишин болжол менен үч саатка токтоткон.
УКМКнын кызматкерлери Бишкекте убактылуу жашаган Конокбаева аттуу жаранды кармады. Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, ал 17-октябрь күнү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалып, «Бишкек Парк» соода борборуна бомба коюлгандыгы жөнүндө жашыруун билдирген.
«30 жаштардагы аял телефон чалып, «Бишкек Парктын» имаратында бомба бар экенин жана ал түнкү саат он экиде жарылаарын айтып трубканы коюп койгон», — деди Бишкек шаардык ИИБисинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев Kloop.kgге берген маегинде.
Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, аял «Бишкек Парктын» күзөт кызматынын жетекчилиги тарабынан анын соода борбордо күзөтчү болуп иштеген жолдошуна көптөн бери айлык акысы төлөнбөй келгендиктен улам бомба жөнүндө кабарлаган.
«Анын айтуусу боюнча аял жеке таарынычынан улам, күзөт кызматынын жетекчилигинин оройлугуна жооп катары кылмышка барган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Ага каршы «терроризм жөнүндө көзкөрүнөө жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Бул берененин бузулушу үчүн каралган эң катаал жаза — үч жылга чейин эркинен ажыратуу, эң жеңили — коомдук жумуштарда иштетүү же айып пул төлөтүү.
Бомба тууралуу кабарлаган телефон чалуу Биринчи май райондук ИИБисине 17-октябрь күнү күндүз келип түшкөн. Милиционерлер соода борбордун бардык кызматкерлери менен кардарларын сыртка чыгарышып, имаратты курчоого алышкан.
Саперлор тобу иттери менен имараттын сегиз кабатын тең тинтип чыгышкан, бирок жардыруучу зат табылган эмес.
Ал убакыттын ичинде «Бишкек Парктын» жүз бутиги, кинотеатры жана кафелери жумуштарын токтотуп, өз ишмердүүлүктөрун уланта албай калышкан.
Бул Бишкектин соода борборлорундагы бомба тууралуу кабарлаган алгачкы телефон чалуу эмес — өткөн жылы милицияга «Бета Сторес» соода борборундагы жарылуучу зат тууралуу эки жолу блдирүү келип түшкөн.
Бирок анда да борбордун имаратынан бомба табылган эмес болчу.
Автор: Александра Ли