Сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерге каршы нааразычылык акциясы үстүбүздөгү жылдын ноябрынын башына пландалды — бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Ош мэриясынын алдындагы жаштар иши боюнча комитеттен билдиришти. Жергиликтүү бийлик иш-чараны уюштурууга урусат бербергендиктерин айтып жатышат.
Оштун жаштар иши боюнча комитетинин өкүлү Болот Баетов Kloop.kgге берген маегинде акция Репродуктивдүү саламаттык альянсы тарабынан чыгарылып жаткан сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерге каршы багытталганын билдирди.
Уюштуруучулар иш-чараны ушул жылдын октябрь айынын аягында же ноябрдын башында өткөрүүнү пландап жаткандыктарын билдиришти. Баевтовдун айтымында, китепчелерге каршы өтө турган митингге 150дөй адам чогулат.
Репродуктивдүү саламаттык альянсынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде ал китепчелер Ошто эч качан такатылбаганын айтты.
«Биз тараптан китепчелерди Ош шаарында таратуу эч качан пландалган эмес. Биздин ал жакта өкүлчүлүгүбүз да жок», — деди Репродуктивдүү саламаттык альянсынын Чүй облусу боюнча координатору Тимур Мамытов.
Анын пикиринде, мамлекеттик органдар китепчелердин таратылышына каршы терс реакцияларын билдирүү менен шашып жатышат.
«Нормалдуу экспертиза жүргүзүлө электе эле тыюу салып башташты. Мейли, тыюу салса салышсын. Эгер алар муну сексуалдык, репродуктивдүү саламаттык жана өспүрүмдөрдүн укуктары боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө жалгыз туура чечим катары көрүп жатышса тыюу сала беришсин, мүмкүн жардам берип калаар», — деди Мамытов.
Мектептерде китепчелерди издөө
Азырынча акцияны өткөрүүгө Ош мэриясы урусат бере элек — бул тууралуу шаардын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жергиликтүү бийлик сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелер боюнча азырынча так позициясын билдирбей эле. 17-октябрда Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматов китепчелердин таратылгандыгы фактысын аныктоо үчүн шаардын бардык мектептерин текшерип чыгуу зарыл экенин билдирген.
Табылган китепчелер изилдөө үчүн шаардык билим берүү башкармалыгына жөнөтүлөт, андан соң мэрия аларды таратууга тыюу салуу же уруксат берүү жөнүндө чечим чыгарат, деп түшүндүрүштү басма сөз кызматынан.
Сексуалдык тарбия берүү
Репродуктивдүү саламаттык альянсы тарабынан 10 жылдан бери чыгарылып келген сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелер быйыл гана күтүүсүздөн коомдо талаш-тартыш жаратты.
Сентябрдын аягында бир нече консервативдүү жаштар уюмдары китепчелер өспүрүдөрдү жыныстык катнашка барууга түртүп жатат деп эсептешип, аларга каршы чыгышкан — китепче авторлору алардын бул аргументтери менен макул болушкан эмес.
Китепчелерге тыюу салуу чакырыктары парламенттин бир нече депутаты жана мамлекет тарабынан колдоо тапкан.
12-октябрда парламенттин билим берүү боюнча комитети жабык жыйын өткөргөн. Анда депутаттар китепчелердин таркатылышын сынга алышкан, ал эми өтө консервативдүү көз караштагы парламентарийлердин бири Турсунбай Бакир уулу аларды өрттөп салууну сунуштаган.
Жооп катары укук коргоо коомчулугу бийликтегилердин бул аракетин «инквизиция соту» менен салыштырган.
Парламент комитетинин жыйыны боюнча комментарий берип жатып Парламентаризм үчүн салык төлөөчүлөр союзу депутаттарды Конституцияга эмес, диндин эрежелерине көп багыт ала башташты деп айыпташкан.
«Ал жыйында окумуштууларга, дарыгерлерге жана эксперттерге сөз берилген жок, бирок Конституцияны эмес диндин эрежелерин негиз кылуу менен сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттык жөнүндөгү китепчелерди өрттөөнүү сунушташты», — деп жазылган Союздун кайрылуусунда.
Автор: Алексей Ким