Укук коргоочулар 9 жаштагы баланы зордуктаган деп айыпталып жаткан медресе тарбиячысынын акыл-эси жайында эмес экендигин аныктаган психиатрлардын чечими боюнча соттошушат.
Бир нече укук коргоо уюмдары 9 жаштагы баланы зордуктаган деп айыпталып жаткан медресе тарбиячысынын акыл-эсинин жайында эместиги жөнүндөгү Республикалык психиатралдык оорукананын чечими боюнча соттошушат.
Укук коргоочулар соттук-психиатралдык экспертизанын корутундусун анализдеп, аны «толук эмес» деп тапкан көз карандысыз психиатрды жалдашкан.
«Аныкталган клиникалык фактылар менен коюлган диагноздордун ортосунда көптөгөн карама-каршылыктар бар, акыл-эсинин жайында эместиги жөнүндөгү корутундусу аргумменттештирилген эмес», — деп жазылган укук коргоочулардын билдирүүсүндө.
Юрист Валерьян Вахитовдун психиатралдык экспертизанын токтому боюнча даттануусу Ош шаардык сотунда каралат.
Жабырлануучунун апасы Умида Kloop.kgге берген маегинде жергиликтүү прокурорлор менен судьялар отурум башталганга чейин эле 22 жаштагы медресе кызматкеринин «акыл-эси ордунда эместиги» жөнүндө айтып жаткандыктарын билдирди.
«Судьялар менен прокурорлор айыпталуучу тарап менен гана сүйлөшүп жатышат. Алар бизге: «Эмне чуу көтөрүп жатасыңар? Анын деген акыл-эси ордунда эмес да” деп айтып жатышат», — деди жабырлануучунун апасы.
Азыр медресенин зордуктоого айыпталган кызматкери тергөө абагында камакта.
Медреседеги зордуктоо
Ош медресесинде тарбиялануучунун зордукталгандыгы боюнча иш бир жылдан бери каралып келүүдө — баланын зордукталгандыгы жөнүндөгү факты 2012-жылдын жай айларынын ортосунда белгилүү болгон.
Анда соттук-медициналык экспертиза зордуктоо фактысын ырастап, баланын психикасы бузулганы жөнүндө билдирген болчу. Жабырланган баланын апасы болсо уулу түндө уктай албай жатканын айткан.
Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, 9 жаштагы бала Ош медресинин тарбиячысы тарабынан бир нече жолу зордукталган.
Эгер медресе кызматкеринин акыл-эси жайында экендиги аныкталса ал жашы жете элек баланы зордуктагандыгы үчүн 20 жылдан өмүрү өткөнгө чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кылмыш кодексине ылайык, акыл-эсинин жайында эместиги кылмыш жооопкерчилигинен бошотууга кепилдик берет, аны менен катар кээ бир учурларда психиатриалдык ооруканаларда дарылануу сыяктуу медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары да колдонулат.
Автор: Улан Мырза