Нарын облусу: Жүк ташуучу унаа айдоочуларынын мушташы улуттар аралык мүнөзгө өтүп кетүү коркунучунда

Оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынын Нарын облусундагы эки массалык мушташы дунган улутундагы айдоочулар кыргыз-кытай чек арасындагы кезек күтүүдө артыкчылыктарга ээ болуп жаткандыктары жөнүндөгү ушактан улам келип чыккан.

Үстүбүздөгү айдын башталышынан бери  — 8чи жана 21-октябрь күндөрү оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынын катышуусунда эки массалык мушташ болду.

Биринчи мушташ коңшу өлкөдөгү улуттук майрамга байланыштуу Кытай менен болгон чек ара жабылгандан кийин «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда пайда болгон чоң кезек күтүү маалында орун алган.

Чек арада бир нече жүздөгөн унаалар чогулуп калган, а 8-октябрда көзөмөл-өткөрмө пункту ачылганда дунган улутундагы айдоочулар артыкчылыктарга ээ болуп, чек арадан тезирээк өтүп жаткандыгы жөнүндө ушак тарап кеткен.

Кыргызстандагы дунгандар коомчулугунун төрагасы, парламенттин «Ата-Журт» фракциясынан депутат Бахадыр Сулайманов окуя боюнча билгендерин айтып берди.

«Кимдир бирөө атайылап эле дунгандар кыргыздардын укуктарын басмырлап жаткандыгы жөнүндө ушак тараткан. Алар дунган тилин билишет, ошондуктан чек аранын тигил тарабында товарларды жүктөө боюнча кытайлыктар менен тез тил таба алышат деген», — деди Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде.

Бул ушактар так масштабы эч кимге, Сулаймановдун өзүнө да белгисиз болгон массалык мушташка алып келген — популярдуу «Дизель» форумунун бир колдонуучусу гана мушташта 100 дунган улутундагы айдоочу сабалгандыгы тууралуу жазган, бирок азырынча бул маалыматты башка булактардан текшерүүгө мүмкүн эмес.

Андагы абалдын кыйла эле оор болгондугу көрүнүп турат, анткени 24.kg маалымат агенттиги билдиргендей, ал жакка Нарын облусунун ИИБсинин башчысынын орун басары менен Ат-Башы РИИБсинин башчылары барышкан.

«Жумуштарын тартып алып жатышат»

Окуядан кийин жергиликтүү оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен Нарын бийлигинин ортосунда жолугушуу болгон. Анын жүрүшүндө айдоочулар этникалык дунгандар «алардын жумушун тартып алып жаткандыктарын» айтып даттанышкан.

«Анда нарындык, ысык-көлдүк, балыкчылык айдоочулардан турган анча чоң эмес топ аларга жумуш калбай калып жаткандыгын, а дунгандар үч-төрт жолу барып келип жаткандыктарын айтышкан», — деп билдирди Сулайманов.

21-октябрда, оор жүк ташуучу унаалардын дунган улутундагы айдоочуларынын тобу Нарын облусу аркылуу Кытайга бара жатышканда кайрадан мушташ башталган. Бул жолкусунда Нарын шаарында, Сулаймановдун айтымында, аларга жергиликтүү тургундар кол салышкан.

Депутаттын билдирүүсү боюнча, окуядан кийин 11 оор жүк унаасынын болжол менен 5-6сы айнектери жок калышкан, а айдоочулары сабалган.

«Милиция мен киришип, ички иштер министрине телефон чалганга чейин эч кандай чара көргөн жок. Ал жерге губернатор менен Нарын ИИБсинин башчысы келди, биз эптеп баарын токтотуп, ал дунган балдарды кайра Бишкекке жөнөттүк», — деди депутат.

Бийлик унчукпай эле

Ал ортодо Кыргызстандын бийлиги бул окуядагы улуттар аралык мушташтын элементтери болгондугун моюндагылары келбей эле.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков мушташ турмуш-тиричилик мүнөзүнө ээ экенине ишенет. Бирок ошол эле маалда кээ бир нааразычылыктар дунгандарга карата айтылганын мойнуна алат.

«Алар [айдоочулар]дунгандардын кытай тилин билип, чек арадан оңой өтүп жаткандыктарына нааразы. Мен бул жерде алар тил билгендиктен кезексиз өтө тургандыктарын жана аларда дайыма товарлары бар экенин айтып жатам», — деди Муратбеков Kloop.kgге берген маегинде.

Депутат Бахадыр Сулайманов дагы деле болсо мушташты баштагандардын аты-жөндөрү эч кимге белгисиз экенин билдирип, нааразы болууда.

Азырынча Kloop.kgнин журналисттери оор жүк ташуучулардын бири менен да байланышып, сүйлөшө алышкан жок. Редакциянын жүк ташуу унааларынын айдоочуларына байланышкан жалгыз булагынан «Биздин адамдардан бул теманы козгобошубузду өтүнүп жатышат» деген жооп алдык.

Ал ортодо ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов милиция мушташты баштагандарды кармабагандыгын билдирүүдө.

«Эч ким кармалган эмес, ал жөн гана турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү мушташ болгон», — деди Абдраимов Kloop.kgнин журналисти менен болгон маегинде.

Автор: Алексей Ким