ӨКМ Памир кыргыздарына гуманитардык жардам жеткирди

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди — бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Беш жүк ташуучу унаага жүктөлгөн гуманитардык жардам Оштон 2-ноябрда чыккан — Кичи Памирге алардын жарымы кийинки күнү жеткен, калгандары азыр жолдо.

ӨМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жардам өкмөттүн буйругу менен Памирдин тоолорунда жашаган жашоо-шарты начар этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн.

Гуманитардык жардамга азык-түлүк жана күнүмдүк турмуш үчүн керектүү болгон товарлар кирген.

Этникалык кыргыздар Ооганстан менен Тажикстандын азыркы аймагында жайгашкан Памир тоолоруна 17-18-кылымдарда отурукташып калышкан.

Алар негизинен салттуу түрдө көчмөн малчылык менен алектенишет.

Автор: Эльдияр Арыкбаев