Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламенттин экинчи жана үчүнчү окуусуна жөнөтүштү.
Мыйзам долбоорунун биринчи окууда жактырылышы тууралуу
Мыйзам долбоорунун экинчи жана үчүнчү окууга жөнөтүлүшү жөнүндөгү парламенттин пресс-релизинен:
Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.
Бул маселе боюнча докладчы катары Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 25 жылга макулдашууга кол коюлган. Ал макулдашууга ылайык, кыргыз тарап республиканын аймагында «Кыргызгаз» ААКсына таандык бардык мүлктөрдү, укуктарды жана кызыкчылыктарды жоопкерчилиги чектелген коом формасында берүү менен «Кыргызгаз» ААКсынын 100% туунду ишканасынын түзүлүшүн камсыз кылып берет.
«Кыргызгаз» ААКсы менен «Газпром» ААКсынын ортосундагы соода-сатык келишиминин негизинде, сатуу жолу менен компаниянын 100 % үлүшү «Газпром» ААКсына берилет. Макулдашууга ылайык, «Газпром» ААКсы Кыргызстандын аймагына көгүлтүр от жеткирүүнү камсыздайт.
«Газпром» ААКсы 5 жыл аралыгында газ өткөргүчтөрдү жаңыртуу үчүн 20 млрд рубль өлчөмүндө же 660-670 млн доллар көлөмүндө, газ корун чалгындоо иштерине 100 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салуу кепилдигин берүүдө », — деп кошумчалады министр.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча сындарды жана сунуштарды айтышты. Талкуунун жыйынтыгында, “Кыргыз республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүү чечими кабыл алынды.