Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы өткөн акциялардын катышуучусу, ошондой эле украиналык Евромайданды колдогондугу менен белгилүү активист Илья Лукаш Бишкек милициясы тарабынан эки жолу сүйлөшүүгө чакырылган.
Лукаш эки сүйлөшүүгө тең 27-январда чакырылган. Биринчиси күндүз «Космопарк» соода борборунда болгон. Экинчиси ошол эле күндүн кечине пландаштырылган.
Активист эки жолку сүйлөшүү тең анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендигин айтып, ишендирүүгө аракет кылууда.
Алгачкы сүйлөшүүнү аны менен өзүн Бакыт деп тааныштырган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкери өткөргөн.
Анда Бакыттан сырткары өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырышкан дагы эки киши бар болгон.
«Жөн гана сүйлөшүп, чай ичкибиз келип атат деп айтышты. Паспортумдун көчүрмөсү керектигин билдиришти. Качан мен аларда мындай укук жок экендигин айтканымда алар өздөй көрүп суранышты. Мен алардын баары бир таап ала тургандыктарын түшүнүп паспортумдун көчүрмөсүн бердим», — деди активист Kloop.kgге берген маегинде.
Милиция кызматкерлери Лукаш менен болгон алгачкы сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы 22-январда өткөн акциясы тууралуу суроолорду беришкен.
«[Бакыт] кармоо да, чакыруу да болбой турганын айтты», — деди Лукаш.
Бакыт аттуу ал милиция кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Лукаш менен жолуккандыгын ырастады.
«ШИИБи жакындан таанышып, сүйлөшүүнү каалап жатат. Мунун эмне менен байланыштуу экенин билбейм. Аны менен ШИИБинин жетекчилиги жакындан таанышууну каалап жатат. Биз кичинекей эле кишилербиз да, билбейбиз», — деди Бакыт.
Илья Лукаш — укук коргоочу жана активист. Ал өзүнүн Бишкекте өткөргөн көптөгөн чуулуу акциялары менен белгилүү — алсак, алардын бири Орусиядагы чатактуу Pussy Riot тобунун катышуучуларын колдоого арналган.
Ал ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы буга чейин өткөрүлгөн акциялардын модератору болгон.
Биримдикке кирүүгө каршы болуп жаткандар Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өлкөдөгү баалардын жогорулашына таасирин тийгизет, ошондой эле Кытайдан алынып келинген товарларды Орусия менен Казакстанга экспорттоп жаткан ири базарларды зыянга учуратат деп эсептеп жатышат.
Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор тескерисинче, Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп ишенип жатышат.
Автор: Эльдияр Арыкбаев