Караколдогу эски үйлөр жөнүндөгү сүрөтбаян орусиялык «Внедорожное краеведение» аттуу блогдо жайгаштырылган. Блогдун авторлору жеке унаалары менен Орусия жана КМШ өлкөлөрүнүн буга чейин анча белгисиз болгон жерлеринде болуп, алар тууралуу жазышат.
Kloop.kgнин редакциясы блогго чыккан материалды эч өзгөртпөстөн оригиналдуу сүрөттөрү менен чыгарат. Материалдын оригиналын бул жерден окусаңыздар болот.
Каракол шаары 1869-жылы штаб-капитаны, барон Каульбарс тарабынан Чүй облусунан Кашкарга барчу кербен жолундагы аскердик-соода түйүнү катары курула баштаган. Шаардын Каракол деген аталышы анын жанынан агып өтчү дарыянын атынан алынган.
Алгач, шаардагы курулуштардын көбү жалпы Борбордук Азияга мүнөздүү топурактан сокмо дубалдарга ээ болгон. Бирок 1887-жылы жер силкинип, шаардын көпчүлүк бөлүгү кыйроого туш болгондон кийин жыгач үйлөр курула баштаган. Сыртынан алар ылай менен шыбалып, кошумча рамалар, чийилген оймолор жана кире бериштери баскычтуу аянтчалар менен кооздолгон. Шаардын өзү тик бурчтуу пландоого ээ болуп, жапжашыл бактарга толуп турчу. Жогоруда айтылгандардын бардыгынан улам революцияга чейинки Каракол Орто Азиядагы шаарга караганда Орусиянын ортоңку бөлүгүндөгү шаарга окшоп турган.
Караколдун (1989-жылдан 1922-жылга чейин жана 1939-жылдан 1992-жылга чейин — Пржевальск шаары) экономикалык жана маданий гүлдөп өнүгүүсү совет бийлигинин келиши менен токтогон. Ал алыскы аймактагы кичинекей шаар болуп калган. Союз маалында бир топ администравдик имарттар жана бир стандарттагы кыштан салынган бир нече көп кабаттуу район курулган. Тарыхый борборуна эч ким тийбей, ошол калыбында калган.
Азыркы Каракол эч кандай деле өзгөчө таасир калтырбайт – боз түстөгү көп кабаттуу үйлөр, кыйылган бак-дарактар, кароосуз жеке сектор, талкаланган көчөлөр жана жол жээктери. Учурдагы бийлик бул райондо туризмди өнүктүрүүгө басым жасап жатат, бирок шаардын визуалдуу жагымдуулугун түзүү үчүн укмуштуудай деле бир өзгөртүүлөр жасала элек.
Мен шаардын эки атактуу, ажайып жайлары тууралуу айткам — алар Троица Живоначальный чиркөөсү жана Дунган мечити. Бул материал аркылуу мен шаардын борбору аркылуу көпкө созулбаган сейилдөө учурунда байкаган бир катар тарыхый курулуштарды көрсөткүм келип турат.
Жамансарие көчөсүнүн Тарых жана чөлкөм таануу музейинин жанындагы 100 метрдей бөлүгү — шаардын жайлуу жерлеринин бири. Мында «Купеческий проезд» долбоорун ишке ашырууда жол төшөлмөлөрү менен жөө адамдар өтчү жолдор калыбына келтирилип, отургучтар орнотулган.Каракол шаарындагы тарых жана чөлкөм таануу музейи 1887-жылы таштан курулган мал менен соода кылган көпөс М.Н.Ильиндин үйүндө жайгашкан.Башка бир таштан курулган имаратта Ысык-Көл облустук мамлекеттик статистика башкармалыгы жайгашкан.Кварталдын таманташынан төмөн түшүп кыштактын курчоосуна туш болосуң. Качандыр бир кездерде бактарга толгон шаар азыр анын көпчүлүк бөлүгүнөн ажыраган. Басымдуу жерлеринде көп жылдык теректердин дүмүрчөлөрү калган. Жаңы отургузулган бактарды көргөнүм жок.
Сырткы шыбактарынан улам үйлөрдүн көбүнүн кайсыл материалдан курулгандыгын аныктоо өтө оор болот. Кээ бир жерлериндеги урап калган бөлүктөрүндөгү тактайлар гана жыгачтан курулганынан кабар берип турат.Кошумча рамалар бардык жерде – кыштан салынган үйлөрдө да кездешет.
Караколдогу үйлөрдүн дагы бир өзгөчөлүгү болуп жыгачтан жасалган кире бериштеги баскычтуу аянтчалар эсептелинишет.Тарыхый борбордун көп бөлүгү дал ушундай көрүнүшкө ээ.Баяндоонун акырында — шаардын эң кооз эки имараты.
Биринчисинде Каракол педагогикалык колледжи жайгашкан.Эгер тактадагы жазууга ишенсек, экинчисинде — Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын өкүлчүлүгү орун алган.Албетте булар Караколдогу эски имараттардын бардыгы эмес. Мындай эски курулуштар өтө көп сакталып калган. Бирок убакыттын жетишсиздигинен жана шаардын архитектурасы боюнча желеде эч кандай маалыматтын жоктугунан улам ушулар менен гана чектелүүгө туура келди.