Ош ЖМКлары ОшТВны кысымга алууну токтотууну талап кылып жатышат

Бир нече маалыматтык басылмалардын журналисттери «аймактар аралык кастыкты козуткан» деп айыпталып жаткан ОшТВ телеканалын кысымга алууну токтотууну талап кылып президентке кайрылуу жолдошту.

Оштогу ири телеканалга каршы кылмыш ишинин козголушу жана анын кеңсесиндеги тинтүү бир нече маалыматтык басылмалардын нааразычылыгын жаратты.

Алар бийликке ОшТВны кысымга алууну токтотуусун талап кылган кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда журналисттер 31-январда телеканалдын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аракеттерин «мыйзамсыз», «психологиялык басым жана цензура киргизүү аракети» деп атаган.

«Биздин пикирибиз боюнча, тинтүү, кылмыш ишин козгоо, ОшТВнын кызматкерлерин УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына сүйлөшүү үчүн чакыруу жолу менен басым жасоо Конституцияны одоно бузуу болуп саналат», — деп эсептешет маалыматтык басылмалардын өкүлдөрү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын өкүлү журналисттер тарабынан айтылып жаткан айыптоолор боюнча комментарий бербей тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Ал ОшТВнын эфиринен кеткен СМС-билдирүүлөргө жасалган филологиялык экспертиза аларда «өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүүнүн белгилери» бар болгондугун аныктагандыгын кошумчалады. Анын айтымында, экспертиза Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

ОшТВга карата кылмыш иши

ОшТВга кылмыш иши 29-январь күнү козголгон — телеканал эфири аркылуу 8-январдан 15-январга чейин берилген СМС-билдирүүлөрүндө «аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери болгон» деп айыпталууда.

Андан соң 31-январда телеканалдын кеңсесинде «тергөө үчүн керектүү документтерди табуу» максатында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Атайын кызматтагылар тинтүүнү ОшТВнын архивдик документтерди бербегендиги менен түшүндүрүштү.

ОшТВнын башкы директору Эрнис Кыязов телеканалдын жамааты өткөргөн митингдин жүрүшүндө УКМКнын кылмыш ишин кимге карата козгогондуктарын так билбей тургандыгын билдирген.

«Мени шайлоо процесси боюнча эки жолу чакырышкан. Акыркы жолу жолукканда жөн гана сүйлөшкөнбүз. Мунун бардыгы ОшМУнун же УКМКнын иши эмес. Мен муну саясий демократиянын ооздуктоосу катары белгилейм», — деп билдирди Кыязов.

КСДПнын басымыбы?

ОшТВнын башчысы телеканалга карата жасалган мындай аракеттерди бийлик тарабынан басым жасоо менен байланыштырууда. Ал тинтүү иштери Ош мамлекеттик университети тарабынан даттануулар болгондон кийин башталгандыгын айтып жатат.

«Кептин жөнү мындай, ОшМУнун ректору — Каныбек Исаков — КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты. Бир нерсени түшүндүңөрбү? Анда азаматсыңар», — деп жазган Кыязов Facebook коомдун желесиндеге баракчасына.

Кыязов баракчасына чыгарган Ош шаардык сотунун токтомунда кеп улуттар аралык же аймактар аралык кастыкты козутуу жөнүндө гана болгон эмес.

Анда СМС-билдирүүлөр аркылуу «эч кандай фактысы жок, өлкөнүн жетекчилигинин саясий багытына нааразы болгон объективсиз жана бир тараптуу маалыматтар тууралуу кескин түрдө айтылгандыгы» да жазылган.

Оштогу шайлоо

ОшТВ Оштун мурунку мэри, калаа башчысын шайлоодо утулуп калган Мелис Мырзакматовго лоялдуулугу менен белгилүү.

Бийликчил Социал-демократиялык партия (КСДП) 2013-жылдан бери шаардык кеңештеги башкаруучу коалициянын негизги күчү болуп эсептелет. Ал 15-январдагы мэрди шайлоодо өз кишиси болуп саналган Айтмамат Кадырбаевдин жеңишке ээ болушуна жетишкен.

Мырзакматовдун оппозициялык «Улуттар биримдиги» партиясы Жогорку сотко ал шайлоодогу «мыйзам бузууларга» байланышкан доо арызы менен кайрылган.

Алардын бири болуп шайлоодо добуш берүүнүн сырынын бузулгандыгы эсептелинет — январдын соңунда Интернетке чыккан видеого ылайык, «Республика» коалициялык фракциясынын депутаттары бюллетендерин үкөккө таштаардан мурда өз лидери Арфидин Алановго көрсөтүшкөн.

Автор:  Шахида Дүйшеева