Саруулуктар Балыкчы-Каракол унаа жолун дагы эки апта ачпай тургандыктарын билдиришүүдө

Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары Балыкчы-Каракол унаа жолун ачуудан баш тартып жатышат. Алар камакка алынган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып, андай болбосо жол дагы эки апта жабык тураарын билдирип жатышат.

Саруудагы нааразычылык кыймылдын лидерлеринин бири Замир Мендебаев Kloop.kgге берген маегинде унаа жолу бийлик 2-февраль күнү кечинде камакка алган Айбек Сарыбаевди эркиндикке чыгаргандан кийин ачылаарын билдирди.

«Биздин маалыматтар боюнча ал Бишкекке, УКМКга жеткирилиптир жана ал жакта 19-февралга чейин болот экен», — деди Мендебаев. Ал жол аталган күнгө чейин жабык болоорун, бирок  эгер бийлик Сарыбаев менен башка айылдаштарын мөөнөттөрүнөн эрте бошотсо унаа жолу ачыла тургандыгы айтты.

Мендебаев жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Караколго вице-премьер Токон Мамытов баргандыгын жана учурда сүйлөшүүлөрдүн форматы иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Бирок өкмөттүн басма сөз кызматынан Мамытов Бишкекте экенин жана сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын билдиришти.

Балыкчы-Каракол унаа жолу Ысык-Көл облусундагы Саруу айылынын жашоочулары тарабынан үчүнчү күндөн бери жабык бойдон калууда.

Алардын жолду тосуусуна 2-февралда милиция тарабынан бир нече айылдаштарынын кармалышы себеп болгон.

Кармалгандардын арасында өткөн жылдын 7-октябрында Караколдо өткөн митингдин жүрүшүндө массалык башаламандык уюштуруп, өкмөттүн өкүлүн барымтага алган деп айыпталып жаткан Айбек Сарыбаев дагы бар.

Учурда ал жакта нааразычылык акциясынын катышуучулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери бар.

Автор:  Айзирек Алмазбекова