ӨКМдин башчысынын орун басарына каршы кылмыш иши козголду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жогорку кызмат адамы бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталууда.

Бийлик тарабынан кылмыш иши козголгон чиновниктин аты-жөнү айтылбай эле. Министрдин орун басары мекеме башчысынын уруксаты жок «турак жай үчүн каралган каражаттан» 140 миң сом алгандыгы гана белгилүү.

Кылмыш ишин Ош облустук прокуратурасы Кылмыш кодексинин «бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу» беренесинин негизинде козгоду.

Чиновник бул берене боюнча кеминде 50 миң сомдук айып пул төлөө же максималдуу түрдө мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 8 жылга эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланышы мүмкүн.