УКМК ОшТВнын кылмыш ишиндеги СМС-билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ОшТВга каршы кылмыш ишинин козголушуна себеп болгон СМС-билдирүүлөрдүн мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Укук коргоочулар ал билдирүүлөрдө аймактык кастыкты козутуунун белгилери жок экендигин айтып жатышат.

Тергөө тарабынан таратылган ОшТВнын эфириндеги СМС-билдирүүлөр көрсөтүлгөн кадрларда аймактык кастыкты козутуу жана өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүү чакырыктары жок. Бул тууралуу укук коргоочу Бегайым Үсөнбаева билдирди.

6-февраль күнү 24.kg маалымат агенттигинин сайтына телеканалдын эфириндеги ал билдирүүлөр көрсөтүлгөн эки кадр чыккан. Аларда төмөндөгүдөй деп жазылган:

«Мелис (Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов) иним! Сага бут тоскондор саткын, амал параз депутаттардын башы жок».1391666404_1

«Мелис — экинчи Манас! Энелер сени колдойт. Сен гана мэрге татыктуусуң».1391666465_2

Укук коргоочу бийликти сындап койгон үчүн телеканалга каршы кылмыш ишинин козголушун түшүнбөй жатканын Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган.

«Чындыгында эле, качантан бери жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан бийликтин дарегине айтылган сындар аймактык кастыкты козутуу катары бааланып калган? Ошентсе да башка СМС-билдирүүлөр бар болсо керек. Аларды окуп чыгууга кызыгып жатам»,— деп жазган Үсөнова.

24.kgдеги материалдын автору укук коргоочу менен болгон жазышуусунда кылмыш иши бул эки СМС-билдирүү үчүн гана козголбогондугун түшүндүргөн.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын өкүлү укук коргоочунун айткандары боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Ал Үсөнова эмнени гана айтпайт», — деди Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде УКМКнын кызматкери.

ОшТВны кысымга алуу

ОшТВга каршы кылмыш иши 29-январь күнү козголгон — атайын кызматтагылардын версиялары боюнча, телеканал эфири аркылуу «аймактар аралык кастыкты козутуунун» жана «өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүүнүн белгилери бар» СМС-билдирүүлөрдү кетирген.

Андан соң 31-январда «тергөө үчүн керектүү документтерди табуу» максатында телеканалдын кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

ОшТВнын башчысы телеканалга карата жасалган мындай аракеттерди бийлик тарабынан басым жасоо менен байланыштырууда. Ал тинтүү иштери Ош мамлекеттик университети тарабынан даттануулар болгондон кийин башталгандыгын билдирүүдө.

«Кептин жөнү мындай, ОшМУнун ректору — Каныбек Исаков — КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты. Бир нерсени түшүндүңөрбү? Анда азаматсыңар», — деп жазган Кыязов Facebook коомдун желесиндеги баракчасына.

Кыязов өз баракчасына чыгарган Ош шаардык сотунун токтомунда кеп улуттар аралык же аймактар аралык кастыкты козутуу жөнүндө гана болгон эмес.

Анда СМС-билдирүүлөр аркылуу «эч кандай фактысы жок, өлкөнүн жетекчилигинин саясий багытына нааразы болгон объективсиз жана бир тараптуу маалыматтар тууралуу кескин түрдө айтылгандыгы» да жазылган.

Автор: Эльдос Казыбеков