«Кумтөрдөн» акча талап кылгандар жети жылга эрктеринен ажыратылышты

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди «Кумтөр» алтын өндүрүүчү компаниясынан акча талап кылууга күнөөлүү деп тапты. Соттолгондордун жактоочусу өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрылуу ниетин билдирди, а алардын айылдаштары митингке чыгышты.

Курманов менен Жунушбаев Кылмыш кодексинин айыпталып жатышкан төрт беренесинин экөөсү боюнча — «Өзгөчө ири суммада акча талап кылуу» жана «Массалык башаламандыктарга катышуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

«Бейбаштык» жана «Уруксатсыз имарат басып алуу» беренелери боюнча алар акталышты.

Сот жообуна тартылгандардын экөөсү тең Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык «Центерра Голд» компаниясы биргеликте ээлик кылган «Кумтөр» алтын кени жайгашкан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары.

Курманов менен Жунушбаев 2013-жылдын май-июнь айларында «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн каршылык акцияларынын башында турушкан. Анын жүрүшүндө акциянын катышуучулары кенди электр жарыгысыз калтырышып, андан соң милиция менен каршылашууга чейин барышкан.

Ошол эле жылдын жай айларында соттолгондордун экөөсү тең «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, мындан ары ишканага каршы акция өткөрбөө үчүн компаниядан 3 миллион АКШ долларын талап кылышкан.

Алардын маеги атайын кызматтагылар тарабынан жашыруун камерага тартылып алынган, өз кезегинде бул укук коргоо органдарынын жети-өгүздүктөрдү кармап, алардын үстүнөн сот процессинин өтүшүн демилгелөөсүнө себеп болгон.

Буга чейин соттолгондордун бири — Жунушбаев — акча талап кылгандыктарын мойнуна албай, видеонун монтаждалып жасалганын билдирип келген. Бирок атайын кызматтагылардын экспертизасы ал тасманын жасалма эместигин аныктаган.

Айылдаштарынын нааразычылыгы

Сот жообуна тартылгандардын жактоочусу Чынара Жакупбекова Kloop.kgге берген маегинде соттун бүгүнкү чечими менен макул эместигин айтты. Ал апелляциялык доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылуу ниетин билдирди.

«Алар ал жакта таптакыр болбосо судья кантип «Массалык башаламандыктарга катышуу» беренеси боюнча өкүм чыгарды», — деп таң калууда жактоочу.

Жети-Өгүздөгү нааразычылык акциясынын лидерлеринин бири, жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Замир Миндибаев Kloop.kgге берген маегинде учурда нааразычылык кыймылдын борбору болгон Саруу айылынын жашоочулары айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп жаткандыктарын билдирди.

«Биз макул эмеспиз, алар [акча талап кылгандар] эл үчүн чыгышкан да», — деди депутат.

Анын айтымында, саруулуктар кармалгандардын акталып чыгышын талап кылып жатышат.

Автор:  Дарина Манасбекова

Редакторлор: Шахида Дүйшеева жана Бектур Искендер