Кыргызстан хоккей боюнча Азиянын Чакыруу кубогун жеңиш менен баштады

Азиянын Чакыруу кубогундагы алгачкы оюну Кыргызстан үчүн жеңиш менен башталды. Курама команда сингапурдук хоккейчилерди 6:3 эсебинде утуп алышты.

Кыргызстан хоккей боюнча Азиянын Чакыруу кубогуна жаңы гана катышып баштап, алгачкы беттешинде эле Сингапур курамасынын хоккейчилерин 6:3 эсебинде жеңип алды.

Беттештин кандай болгондугун биздин сүрөтбаяндан көрө аласыздар:IMG_7502_1Оюн эсебин беттештин биринчи мүнөтүндө кыргыз хоккейчиси Канайбек Өмүрбеков ачты.

Киргизилген шайба Кыргызстан курамасынын демилгени колго алып, биринчи жыйырма мүнөттүк бөлүктүн көбүн атаандашынын муз аянтчасында өткөрүүсүнө жол ачты.IMG_7578_1Алгачкы 20 мүнөттүк бөлүктө кыргызстандыктар атаандашынын дарбазасына үч шайба киргизип, жооп катары өзүнүкүнө бирди кое беришти.IMG_7678_1Ошол эле маалда алгачкы жазалоо орун алып, кыргызстандыктардын бири атаандашынын клюшкасын кармап койгондугу үчүн муз аянтчасынан убактылуу четтетилди.

Көпчүлүктү түзүп калган Сингапур курамасынын оюнчулары чабуулдун артынан чабуул уюштуруп бир кооптуу учур жаратканы менен аны жүзөгө ашыра алышкан жок.IMG_7660_1Тыныгуудан кийин Сингапур курамасынын хоккейчилери демилгени колго алышып, чабуулга өтүштү.

Кыргызстан курамасы коргонууга өтүп, атаандашына эсепти теңдөөгө мүмкүнчүлүк берген жок.IMG_7609_1Экинчи 20 жыйырма мүнөттүк 4:2 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.IMG_7339_1Акыркы 20 мүнөттүктө эки курама тең дарбазаны көздөй көбүрөөк шайба ыргытышты — Кыргызстан эки шайба, Сингапур бир шайба киргизди.

Беттеш 6:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аякады.

Автор: Гүлжан Турдубаева