Чакыруу боюнча бара жаткан тез жардам унаасы Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү Токомбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде кичи автобус менен сүзүштү. Каза болгондор жок.
Байтик айылын көздөй бара жаткан тез жардам унаасы кырсыкка 2-март күнү эртең менен кабылган — анын жыйынтыгында 14 киши жаракат алды.
Тез жардам унаасы «Мерседес» үлгүсүндөгү кичи автобус менен сүзүшкөндөн кийин оодарылып кеткен, деп билдирди Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.
Жол кырсыгынан үч дарыгер жана эки айдоочу жаракат алышкан — алардын бардыгы тең №4 шаардык ооруканага жеткирилишти.
Тез жардам кызматынын жаракат алган кызматкерлери:
- Айдоочу Байгазиев Б. баш сөөгү жабыркап, арка омурткалары менен далысы сынган;
- Дарыгер Искабулова А. баш сөөгү жабыркап, мурун сөөктөрү сынып, белин оорутуп алган;
- Фельдшер Малина Е. баш сөөгү жабыркап, тизе муундарынын байламталары үзүлүп жана балтыр жагындагы терисинде кан шишиктери пайда болгон;
- Фельдшер Калмурзаев Т. баш сөөгү, төш клеткалары жабыркап, мээси чайкалган.Азырынча кырсыктын келип чыгышына кимдин күнөлүү экендиги так белгисиз.
Автор: Дарина Манасбекова