8-мартка карата Ош базарында иш-чара өткөрүп жаткан активисттерге кол салуу «Кудай жок» деген сөздөн улам келип чыккан — бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Активисттердин өзүлөрү болсо Кудай жөнүндө сөз таптакыр болбогондугун айтып жатышат.
Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев Kloop.kgге берген маегинде топтошкон адамдар 8-мартка карата акциянын катышуучуларына иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Кудай жок деп айткандан кийин кол салышкандыгын билдирди.
«Адамдар ал сөздүн негизинде нааразычылыктарын билдирип башташкан. [...] Анан оозеки кайым айтышуу орун алган. Андан соң эл чогулуп аларга: «Эгер силер мусулман болсоңор эмнеге Кудай жок деп айтып жатасыңар?» дешкен. Ушул себептен анан чоң чыр чыккан», — деди ал.
Казыбаев таяныч пунктундагы милиция кызматкерлери өз ордуларында жок болгондуктан активисттерге өз учурунда жардам бере албагандыктарын билдирди. Айтымында, алар аймакты кыдырып, көз салып жүрүшкөн.
«Алар жардам сурап Ош базарындагы таяныч пунктуна чуркап барышкан. Ошол маалда ал пункттун эки милиционери аймакты кыдырып көз салып жүрүшкөн. Андан кийин Ленин райондук сотунун имаратына чуркап киришкен», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.
«Биз укук коргоо органы эмеспиз»
Ленин райондук сотунун аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери Kloop.kgге берген маегинде сот кимдир бирөөнү коргогудай укук коргоо органы эмес экенин айтты.
«Ал окуя жумуш убагында болгон эмес жана чынын айтканда биз жардам берүүгө милдеттүү эмеспиз», — деди Ленин райондук сотунун судьясынын жардамчысы.
Анын айтымында, кечки саат жетиде алардын иш бөлмөсүнө бир нече балдар чуркап киришип, ыйлап жардам сурап башташкан.
«Алар артынан кимдир бирөөлөр кубалап жүргөндүгүн айтышып, жардам берүүбүздү өтүнүштү. Милицияны чакыргандыктарын да билдиришти. Анан беш мүнөттөн кийин аларды кароолчу алып чыгып, милицияга өткөрүп берди», — деди ал Kloop.kgге.
Ал кошумчалагандай, соттун кызматкерлеринде жабырлануучуларга жардам берүүгө эч кандай мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес.
«Биздин кызматкерлерде курал жок да. Анан тигилер топтошкон адамдар жүргөнүн айтып жатышса аларды кантип куткара алышмак эле?», — деди судьянын жардамчысы.
«Кудай жөнүндө сөз болгон эмес»
Акцияны уюштурган «СКью» Бишкек феминисттик демилгелер уюмунун өкүлдөрү иш-чаранын жүрүшүндө Кудай жөнүндө бир дагы сөз айтылбагандыгын билдирип жатышат — айтымдарында акция толугу менен 8-марттын тарыхы менен Аялдардын укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө арналган.
«Бизде кол салганга чейинки айтылган сөздөрдүн тексти, видеосу жана сүрөттөр бар. Биз аялдар менен кыздардын укуктары жана үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйлөрү жөнүндө айтканбыз. Биз ал сөздөрдү улам кайталап жатканбыз», — деди «СКью» уюмунун өкүлү.
ШИИБинин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүнө карабастан Бишкек феминисттик демилгелер уюму активисттерди топтун арасынан сууруп чыккандыктары үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
«Милиция бир мүнөттүн ичинде эле келип активисттерди топтун арасынан сууруп чыгууга жетишти. Бирок тилекке каршы алар кол салып, чагымчылдыкты баштагандарды колго түшүрө алышкан жок», — деп билдиришти «СКью» уюмунан.
Активисттер ур-токмокко 5-март күнү кечке жуук Ош базарынын жанында кабылышкан — «СКью» уюмунун билдирүүсү боюнча, аларга аялдардын гендердик белгисин христиандардын символу катары түшүнүп алган 40 чамалуу киши кол салган.
Кол салуунун жыйынтыгында эки киши жабыркап, үчөө психологиялык зомбулукка кабылышкан. Активисттердин айтымдарында, кол салуу учурунда алар жардам сурап милиция менен Ленин райондук сотунун кызматкерлерине кайрылышкан, бирок алар жардам берүүдөн баш тартышкан.
Абал качан милиция нөөмөтү келип, активисттерди топтошкон адамдардын агрессиясынан коргоого алгандан кийин жөнгө салынган.
Автор: Нуржамал Жаныбекова