Парламенттик социал-демократтар фракциясы азырынча алар менен бирге жаңы коалициялык көпчүлүктүн курамына кайсыл партиялардын кирээри боюнча бир пикирге келе элек — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде фракция лидери, депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Турсунбеков социал-демократтар калган фракциялардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүктөрүн, бирок партия ким менен бирге жаңы коалициялык көпчүлүктү түзүү керектиги боюнча бир пикирге келе электигин билдирди.
«Сүйлөшүүлөр боюнча биз коалициялык көпчүлүктү ким кандай көрө алаарын, кимдин кандай талаптары бар экенин болжолдуу түрдө билебиз», — деди ал.
Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) жаңы коалициялык көпчүлүктү түзүүгө 20-мартта мандат алган. Буга чейинки коалиция курамынан «Ата Мекен» фракциясы чыгып кеткенден кийин тараган.
Турсунбеков парламенттеги калган төрт фракция тең алар менен бирге жаңы коалициянын курамында болууга бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендиктерин кошумчалады.
Бирок анын айтымында, сүйлөшүүлөр азырынча иштиктүү диалогдорго жете элек.
КСДП үч апта ичинде — 11-апрелге чейин — жаңы коалиция түзүп, премьер-министрликке талапкер көрсөтүшү керек.
«Республика» киреби?
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган парламентарийлер жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамы боюнча түрдүү пикирлерин билдиришти.
«Республика» фракциясынан парламентарий Урмат Аманбаева анын партиясынын коалицияга кирүү каалоосу бар экенин билдирди. Бирок ал социал-демократтар менен бирге «республикачылар» кандай шарттар менен кирүүгө даяр экендиктерин тактап айткан жок.
«Эң башкысы — бул депутаттардын бир пикирге келүүлөрү», — деди ал.
«Ата Мекендин» депутаты Ташболот Балтабаев калиция ал тарай электегидей эле КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынан турушу керек деп эсептейт.
«Мен жаңы коалицияда буга чейинки коалициянын курамындагы партияларды эле көргүм келет», — деди ал.
«Ар-Намыстан» парламентарий Бактыгул Маматов коалициянын курамына «сөзсүз түрдө» КСДП, «Ар-Намыс» жана «Республика» фракциялары кириши керек деген ишенимде.
«Ата-Журт» фракциясынан чыгып, эркин депутаттардын тобуна кирген эл өкүлдөрү Бахадыр Сулайманов менен Эльмира Иманалиева «бирдиктүү коалицияны» көргүлөрү келип жаткандыктарын билдиришти.
Коалициянын тарашы
Буга чейинки парламенттеги көпчүлүк коалициясы курамынан «Ата Мекен» фракциясы чыккан соң, 18-март күнү тараган.
Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыптап жатышат.
Ошондой эле Сатыбалдиевдин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы ишмердүүлүгүн сынга алып жатышат — депутаттык комиссия билдиргендей, дирекцияны Сатыбалдиев башкарып турганда анда 570 млн. сом «максатсыз пайдаланылган».
«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү февралда, парламентте добуш берүү жолу менен демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.
Автор: Толгонай Умуралиева