Парламент Оторбаевдин өкмөтүн жактырды

Депутаттар Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөттүн жаңы курамын жактырышты.

Депутаттар Оторбаевдин талапкерлигин 3-апрель күнү, парламенттеги 8 саатка созулган талкуудан кийин жактырышты.

Бул кызматта ал депутаттар тарабынан катуу сындар айтылып, өкмөт тарагандан кийин кеткен Жантөрө Сатыбалдиевди алмаштырды.

Өз сөзүндө Оторбаев билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү, аймактарды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү убадаларын берди.

«Алдыда биз жаңы жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Алыскы айылдарга көңүл буруу зарыл. Мен ар дайым коррупцияга каршы турууга ант беремин. Министрлер кабинети таза иштейт деп убада берем. Министрлер өздөрүнүн күнүмдүк ишинде жарандардын каалоолорун гана колдонмо кылышат», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө парламент талапкерлердин сөздөрүн угуп, эгер алар министрлер кабинетинин курамын жактырышса кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы боюнча суроолорду беришти.

Анда ар түрдүү багыттагы — Украинадагы кризистен тарта Баткен облусундагы ирригациялык көйгөйлөргө чейинки — суроолор берилди.

Оторбаевдин премьер-министрликке талапкерлигин жаңы коалициянын курамына кирбей калган фракциялардын депутаттары жактырышкан жок — алсак, «ата-журтчулардын» лидери Жылдызкан Жолдошева өкмөттүн башында экономика министри Темир Сариевди көргүсү келип жаткандыгын билдирди.

 Парламент жыйынынын хроникасы:

19:07 Парламентте куттуктоолор жана кол чабуулар башталды.

Оторбаевдин өкмөтү тууралуу өз пикириңизди макаланын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бурчуна жазсаңыз болот.

18:53 Парламент өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын жактырды. Жаңы өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй:

  • Биринчи вице-премьер-министр — Тайырбек Сарпашев (буга чейин бул кызматты Жоомарт Оторбаев ээлеп келген);
  • экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр — Валерий Диль (буга чейин бул кызматта Тайырбек Сарпашев иштеген);
  • социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр — Эльвира Сариева (буга чейин Камила Талиева иштеген);
  • коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр — Абдырахман Маматалиев (буга чейин бул кызматта Токон Мамытов иштеген);
  • маданият, маалымат жана туризм министри — Камила Талиева (буга чейин Султан Раев иштеп келген);
  • коргоо министри — Абибила Кудайбердиев (буга чейин — Таалайбек Өмүралиев иштеп келген).
  • экономика министри — Темир Сариев;
  • ички иштер министри — Абдылда Суранчиев;
  • саламаттыкты сактоо министри — Динара Сагынбаева;
  • билим берүү жана илим министри — Канатбек Садыков;
  • эмгек, миграция жана жаштар министри — Алиясбек Алымкулов;
  • унаа жана байланыш министри — Калыкбек Султанов;
  • адилет министри — Алмамбет Шыкмаматов;
  • социалдык өнүктүрүү министри — Кудайберген Базарбаев;
  • каржы министри — Ольга Лаврова;
  • айыл-чарба жана мелиорация министрлиги — Таалайбек Айдаралиев;
  • энергетика жана өнөр жай министри — Осмонбек Артыкбаев;
  • тышкы иштери министри — Эрлан Абдылдаев;
  • өзгөчө кырдаалдар министри — Кубатбек Боронов;
  • улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Бусурманкул Табалдиев;
  • өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр — Нурханбек Момуналиев.

18:29 Парламент решил голосовать за новый состав правительства открытым голосованием.

18:28 Депутат Бакыт Төрөбаев Оторбаевдин өкмөтүнөн аймактарга көбүрөөк көңүл буруусун өтүндү.

18:26 Өкмөттөгү кызматтарга талапкерлерди талкуулоо 8 сааттан бери уланууда.

Биздин парламенттик кабарчыбыз Оторбаев менен анын командасы чарчаңкы маанайда экендигин белгилеп, бирок байкатпаганга аракет кылып жаткандыктарын билдирүүдө.

18:14 Депутат Турсунбай Бакир уулу өкмөттү анклав жана эксклав маселелерин чечүүсүн өтүндү.

18:14 Депутаттар өкмөттүн жаңы курамын талкуулоону аяктоо үчүн жумушчу күнүн узартышты.

17:54 Депутат Максат Сабиров суроо бербестен Оторбаевдин талапкерлигин сынга алып баштады.

«Сизди ушинтип сындап жаткандыктарына карабастан сиз бул креслого жармашып алдыңыз, сизде жоопкерчилик сезими жок, сиз жөн гана бул креслого жармашып алдыңыз», — деди ал.

17:46 Бүгүн «Ата-Журт» фракциясынын лидери болуп шайланган Жылдызкан Жолдошова Оторбаевге суроо берип баштады. Ал талапкерден инвестиция жана экономика тармагын көзөмөлдөп турганда (Өмүрбек Бабанов премьер болуп турган кезде) эмне үчүн бул тармактарда жетишкендиктердин болбогондугун сурады. Ошондой эле Жолдошова Оторбаевдин ордуна өкмөттү экономика министри Темир Сариевдин башкарышын каалай тургандыгын айтты.

Оторбаев бул суроону жоопсуз калтырды.

17:28 Депутат Назарали Арипов Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан келип түшкөн салыктын азайышы боюнча кандай чаралар көрүлүшү керектигин сурады. Оторбаев салык чогултуу боюнча жаңы программа киргизүү керектигин айтып кыска гана жооп берди.

17:18 Депутат Курманбек Осмонов Оторбаевге Баткен облусунун Лейлек районуна барып, андагы жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен таанышып келүү сунушун айтты. Оторбаев ал аймакка үстүбүздөгү жылдын июлунда сөзсүз бара тургандыгын айтты.

17:16 Депутат Кенжебек Бокоев суроо берип жатат. Ал айылдагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы квалификациясыз кадрлар менен эмне кылуу керектигин сурады. Оторбаев аларды кайрадан үйрөтүп, көбүрөөк жоопкерчилик жүктөө керектигин айтты.

16:53 Чечимдерин өзгөртүштү. Азыр фракциялары жаңы коалициянын курамына кирбей калган депутаттар («Ата-Журт» менен «Республика» фракцияларынын депутаттары) суроо берип башташат.

16:46 Депутаттар талапкерлердин даректерине суроо берүүнү жыйынтыктоону каалап жатышат.

16:40 Тыныгуу аяктады.

Депутат Дамира Ниязалиева өкмөттөн саламаттыктык сактоо тармагына бөлүнгөн гранттык каражаттарды кылдаттык менен жетектөөгө алуусун өтүнүүдө. Оторбаев каражаттын бардыгы тең каржы министрлиги тарабынан көзөмөлдөнө тургандыгын айтып, депутатты ишендирди.

16:10 Кыска убакытка тыныгуу жарыяланды.

16:10 Парламентарий Эркингүл Иманкожоева жогорку окуу жайларын аяктаган студенттерди айыл жергесине практикага жөнөтүү боюнча программа качан иштелип чыгаарын сурады.

Билим берүү министрлигинин өкүлү андай стандарт  эки жылдан кийин киргизилээрин айтты.

15:53 Вице-премьерликке талапкер Эльвира Сариевадан  анын жолдошу АКШнын жараны болушу мүмкүн деген шектенүүлөр менен анын жарандыгы тууралуу сурашты. Сариева жолдошунун Америкага эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

15:49 Депутат Максат Сабиров өкмөттүн жаңы курамы менен бир нерсе өзгөрөт дегенге кыргызстандыктар эмне себептен ишениши керектигин сурады. Оторбаев бул суроого статистикалык көрчөткүчтөргө таянып кыска гана жооп берди — «экономика жылына 6 пайызга өсүп жатат».

15:42 Парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров «Коопсуз шаар» долбоору кандай ишке ашып жаткандыгын сурады. Оторбаев долбоор аягына чейин жеткирилбегендигин жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иштер уланаарын убадалады.

15:38 Оторбаевден Кыргызстан эмне себептен БУУда Украинанын бүтүндүгү жөнүндөгү резолюция боюнча добуш бербегендигин сурашты. Ал бул маселе боюнча жоопкерчиликтин бардыгы Тышкы иштер министрлигинде экендигин айтып жооп берди.

15:30 Бир катар депутаттар суроо берүүдөн жана талапкерлердин жообун угуудан чарчашты.

15:28 Оторбаевден Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун ишмердүүлүгүнө баа берүүсүн өтүнүшүп, түштүк борбордун мэрин шайлоо боюнча пикирин уккулары келишти.

«Ал (Мелис Мырзакматов) өтө жигердүү жана жакшы иштеди. Ош шаарынын жашоочулары анын ишин көрүштү, бирок жаңы мэрди шайлоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул кадыресе процесс», — деп жооп берди ал.

15:26 Бакиров курч суроолорду берүүсүн улантууда. Парламентарий Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген убактылуу чектөөлөр боюнча Оторбаевдин пикирин уккусу келди.

Оторбаев «бардыгы [чектөөлөр] мыйзамдын чегинде» экенин жана аны «нормалдуу көрүнүш» катары эсептей тургандыгын билдирди.

15:22 Тышкы иштер министрлигинин Украина кризиси жана Крымдагы референдум боюнча билдирүүсү тууралуу кеп козголду. Депутат Мирлан Бакиров министрликтин билдирүүсүн «түшүнүксүз» деп атап, Крымдын Орусиянын курамына киришине Оторбаевден өз баасын беришин өтүндү.

Оторбаев жооп берүүдөн дипломаттык түрдө баш тартып, ТИМдин ал билдирүүсүн «жакшы билдирүү» деп атады.

15:12 Оторбаев Кыргызстандагы, анын ичинде Жалал-Абад облусундагы ирригациялык көйгөлөрдү чечүүнү убадалады.

«Ирригация — айыл-чарбасындагы эң маанилүү маселелердин бири. Түрк насыясы бар, ошондой эле Кытай тараптыкы, ал насыялардын көп бөлүгү ирригация системасын жакшыртууга багытталат», — деди ал.

14:57 Оторбаев Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн өлкөгө инвестиция тарта тургандыгын билдирди.

14:45  Тыныгуудан кийин жыйын кайрадан башталды.

Оторбаев жол кайгуул кызматкерлеринин айлык маяналары тууралуу берилген суроого жооп берип, аларды 30 пайызга жогорулатууну убадалады.

13:03 Бир саатка тыныгуу жарыяланды.

12:58 Талиевага вице-спикер Асия Сасыкбаевадан суроо: «Министриктин кандайдыр бир программасы же стратегиясы барбы, эгер бар болсо сиз алар менен таанышсызбы? Анан министрликтин бюджети канча?»

Талиева: «Мен буга чейин айткам, маданият министрлиги 2025-жылга чейин программасын иштеп чыккан. Жакында алардын бардыгы тең иш жүзүнө ашат. Министрликтин бюджети — 1 млрд 297 млн сом».

12:53 Депутаттар суроолоруна алган жоопторго нааразычылыктарын билдиргенче Оторбаев башында турган болжолдуу өкмөттүн курамы менен таанышып алыңыздар:

  • Биринчи вице-премьер-министр — Тайырбек Сарпашев (буга чейин бул кызматты Жоомарт Оторбаев ээлеп келген);
  • экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр — Валерий Диль (буга чейин бул кызматта Тайырбек Сарпашев иштеген);
  • социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр — Эльвира Сариева (буга чейин Камила Талиева иштеген);
  • коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр — Абдырахман Маматалиев (буга чейин бул кызматта Токон Мамытов иштеген);
  • маданият, маалымат жана туризм министри — Камила Талиева (буга чейин Султан Раев иштеп келген);
  • коргоо министри — Абибила Кудайбердиев (буга чейин — Таалайбек Өмүралиев иштеп келген).

Калган министрликтерге учурда милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан төмөнкү адамдар сунушталууда:

  • экономика министри — Темир Сариев;
  • ички иштер министри — Абдылда Суранчиев;
  • саламаттыкты сактоо министри — Динара Сагынбаева;
  • билим берүү жана илим министри — Канатбек Садыков;
  • эмгек, миграция жана жаштар министри — Алиясбек Алымкулов;
  • унаа жана байланыш министри — Калыкбек Султанов;
  • адилет министри — Алмамбет Шыкмаматов;
  • социалдык өнүктүрүү министри — Кудайберген Базарбаев;
  • каржы министри — Ольга Лаврова;
  • айыл-чарба жана мелиорация министрлиги — Таалайбек Айдаралиев;
  • энергетика жана өнөр жай министри — Осмонбек Артыкбаев;
  • тышкы иштери министри — Эрлан Абдылдаев;
  • өзгөчө кырдаалдар министри — Кубатбек Боронов;
  • улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы — Бусурманкул Табалдиев;
  • өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр — Нурханбек Момуналиев.

12:44 Парламенттин басма сөз кызматы өкмөттүн жаңы курамын талкуулоо маалында тартылган сүрөттөрдү жарыялады:IMG_6569IMG_6583IMG_6609IMG_6506

12:43 Суроо берген депутаттардын көбү конкреттүү жоопторду ала албай жаткандыктарына нааразы.

12:41 Оторбаевден өлкөнүн Бажы биримдигине кирүү процесси кандай жүрүп жаткандыгын сурашты. Ал биримдикке кирүү боюнча жол картасы 95 пайызга даяр экендигин айтты.

12:36 Депутат Ирина Карамушкина маданият министрлигине талапкер Камила Талиевага суроо узатты:

«Светтик өлкөдө расмий дин жок, мамлекеттик боло турган дин жок. Камила айым, мага даттануулар келип түштү, бир катар адамдар сизге барганда сиз намаз окуп жаткандыктан аларды күттүрүп коюптурсуз» — деди депутат.

Талиева Карамушкинанын бул маалыматын четке какты.

«Биринчиден, мен жумуш убагында намаз окубайм. Намазды үйдө гана окуйм. Бул такталбаган, туура эмес маалымат окшойт», — деп жооп берди ал.

12:33 «Кумтөр» алтын кени жөнүндө кеп козголду.

Депутат Дастан Джумабековдун суроосу: «Буга чейин эки фракциянын чечими болгон.  «Ата Мекен» фракциясы 67 пайыз болушун каалаган, а экинчи фракция таптакыр денонсацияга баруу керектигин айткан. Силер эмне кыласыңар?».

Оторбаев анын өкмөтү алтын кениндеги акциялардын канча пайызына аракет кыла тургандыгын айткан жок.

«Биз азыр канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен 8-9 документке кол коюшубуз керек. Учурда үч жумушчу топ иштеп жатат. Силер бизге майга чейин убакыт бергенсиздер, эгер бизди бекитсеңиздер процессти тездетебиз. Иш жүрүп жатат», — деди Оторбаев.

12:18 «Республика» фракциясынан депутат Урмат Аманбаева премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаевге суроо берди.

«Коомчулук сиздин таза адам экендигиңиз тууралуу айтып жатат. Мүмкүн бул сиздин премьер-министр боло электигиңизден жана азырынча өзүңүз каалаган нерселерди иш жүзүнө ашыра электигиңиздендир. Сиз өкмөттүн ушул курамы менен иштегиңиз келеби?» — деп суроо узатты ал.

Оторбаев бул суроого кыска гана жооп берди. Ал иштөөгө даяр адамдар менен иштеше тургандыгын айтты.

«Эгер кимдир бирөө иштей албаса, анда ал иштебейт», — деди ал.

12:10 Депутаттар суроолорун берип башташты.

12:07 Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Кудайберген Базарбаев: «Биздин өлкөдө 532 миң кары адам бар. Аны менен катар башка көйгөйлөр дагы көп, алсак, бул бала асырап алуу тармагында. Өткөн жылы 9 гана бала багылып алынды».

12:07 Эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов: «Биздин башкы милдетибиз – бул өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү болуп саналат. Ошондой эле алардын жумуш издеп Орусияга кеткенде өз укуктарын билип, ал жакта татыктуу жумушка ээ болуулары үчүн аларга жакшы билим берүүбүз керек».

12:07 Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Динара Сагынбаева: «Бир катар объектилерди өзүн өзү каржылоого өткөрүү керек. Калктын алсыз катмарына көңүл буруу зарыл. Бирок дайымкыдай эле эң башкы көйгөй болуп коррупция эсептелет».

12:02 Сөз маданият министрлигине талапкер Камила Талиевага берилди. Ал негизинен маданият тармагындагы көйгөйлөр тууралуу айтып жатат.

«Маданият тармагында көйгөйлөр абдан көп. Ушул багытта иштер жүргүзүлүшү керек. Биз бул маселенин үстүндө өткөн жылы да иштегенбиз. Биздин негизги милдетибиз айылдарды китептер менен камсыз кылуу болуп эсептелет», — деди ал.

11:56 Бир катар депутаттар буга чейин министр болуп иштеп, учурда алардын милдетин аткарып жаткан талапкерлерди угуудан тажап кетишти. Бирок парламент төрагасы талапкерлердин бардыгынын тең сөзүн угуу керектигин айтты.

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев сөз сүйлөп жатат: «Энергетика министрлиги — бул жалпы мамлекеттин негизги пайдубалы. Биздин милдет өнүгүү менен бирге күз-кыш мезгилдерине даярдануу болуп эсептелет. Эң башкысы биз реформаны баштадык жана аны аягына чыгарабыз. 2014-жылдын аягына чейин жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз».

11:52 Сөз айыл-чара министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Айдаралиевге берилди. Ал кызматка келгенине аз гана болгондуктанбы буга чейин кандай иштер жасалгандыгы тууралуу айткан жок. Сөзүн убадалар менен баштады:

«Кийин экспорттоого мүмкүн боло турган рентабелдүү өсүмдүктөрдү өстүрүү керек. Бул үчүн биз көптөгөн өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашууларга кол коюп жатабыз. Учурда биз ушул багытта иш алып баруудабыз. Жакында үч же төрт завод иштеп баштайт», — деди ал.

11:44 Экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев сөзүн ал мекенин башчылыгына келгенден тарта анда аткарылган иштер тууралуу айтуу менен баштады.

«Мен бул кызматта көп нерсе жасадым. Алсак, биз ишкерлер үчүн ылайыктуу шарттарды түзүп бердик. Парламенттеги мыйзам долбоорлорунун 60 пайыздан ашыгы экономика министрлиги тарабынан демилгеленген», — деди ал.

11:40 Сөз каржы министринин милдетин аткаруучу Ольга Лавровага берилди.

«Каржы министрлигинин негизги максаты — мамлекеттин каражатын натыйжалуу башкаруу. Биз айлык маяналарды жогорулатуу боюнча модернизация жүргүздү», — деди ал.

11:38 Адилет министринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов сөз сүйлөп жатат: «Сиздердин (депутаттардын) негизги жумушуңар мыйзам чыгаруу болуп эсептелет. Биздин жумушбузу окшошуп кетет — жарандардын укуктарын коргоо ж.б. Мамлекеттеги кайсы гана тармак болбосун баары тең кабыл алынган мыйзамдардын сапатына барып такалат. Биз экономикалык жана саясий туруктуулукка жетишибиз керек.

11:24 Тыныгуу аяктап, парламентарийлер акырындап өз орундарына келе башташты.

11:13 Кыска убакытка тыныгуу жарыяланды.

11:12 Талапкерлердин эң жашы — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эльвира Сариева сөз сүйлөп жатат. Ал негизги көңүлдү билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө бурууда.

«Билим берүүнүн негизги системасы дүйнөлүк стандарттарга жооп берүүгө багытталган, бирок азыркы учурда ал жооп бербей эле. Биз билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга аракет кылабыз. Айылдагы мектептерде аны жогорку деңгээлге көтөрүү керек. Саламаттыкты сактоо системасында бөлүнгөн акча башка жактарга жумшалып жатат, бул багытта да иш алып барабыз», — деди ал.

11:08 Вице-премьерлик кызматка талапкер Абдырахман Маматалиев коопсуздук чараларын күчөтүү тууралуу айтты. Ал коррупцияны жоюу жана укук коргоо органдарын чыңдоого басым жасады.

«Чек арага жакын жашаган калктуу конуштардын коопсуздук маселелерин өз убагында жана тиешелүү деңгээлде чечүү керек. Укук коргоо органдарын чыңдоо зарыл — ал жактарда реформалар башталган, бирок аягын чыга элек. Эң башкысы коррупцияны жоюуу керек. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн жарандары менен болгон мамилелерди да жакшыртуу керек», — деп абада берди талапкер.

11:05 Парламент өкмөттөгү кызмат орундарына талапкер болуп жаткандардын ар бирине сөз сүйлөө үчүн үч мүнөттөн убакыт берди. Чиновниктер тараптан берилген убадалардын сериясы башталды. Биринчилерден болуп вице-премьердин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев сөзүн баштады:

«Жеңилдетилген насыялар айыл-чарбасына кыйла эле жакшы таасирин тийгизет, бирок дагы деле жаңылап, жакшырта турган нерселер көп. Бир нече долбоор бар. Учурда алар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер биз аларга кол койсок келечекте жаңы гидроэлектрстанцияларды курушубуз мүмкүн, башка өлкөлөргө электрэнергиясын сата алабыз», — деди ал.

10:51 Оторбаев өз сөзүндө Кыргызстандагы билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын эки жолу кайталады. Ал кечээ дагы Кыргызстандын 2009-жылы мектептеги билим берүүнүн сапаты боюнча PISA рейтингинде акыркы орун алгындыгына өкүнүчүн билдирген.

«Биз билим берүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Бул кызматта көп нерсе тапса болот, ошол эле маалда көп нерсени жоготуп алуу да мүмкүн. Азыр менен ата-энем тарабынан ыйгарылган аты-жөнүмдү ишенимге коюуудамын», — деди талапкер.

Оторбаевдин калган убадалары:

«Алдыда биз жаңы жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Алыскы айылдарга көңүл буруу зарыл. Мен ар дайым коррупцияга каршы турууга ант беремин. Министрлер кабинети таза иштейт деп убада берем. Министрлер өздөрүнүн күнүмдүк ишинде жарандардын каалоолорун гана колдонмо кылышат», — деди ал.

10:45 Азырынча парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитүүгө шашпай эле. Учурда депутаттардын алдында премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев сөз сүйлөп жатат. Ал өз сөзүн убадалары менен баштады.

«Негизги көңүлдү өлкөнүн чек араларына, билим берүүгө, саламаттыктык сактоо жана социалдык тармактарга бөлөбүз. Биз, кыргыздар, бардыгына сын көз караш менен карагандыгыбыз менен өзгөчөлөнүп турабыз, анткени биз ар дайым баарын жакшыртууну каалайбыз», — деди Оторбаев.

Тема боюнча жаңылыктар:

Буга чейинки коалициянын таркашы

«Ырыс алды ынтымак» аталышындагы буга чейинки башкаруучу коалиция курамынан Жантөрө Сатыбалдиевдин ишине нааразы болгон «Ата Мекен» фракциясы чыккан соң, 18-март күнү тараган.

Өкмөт башчысын Кыргызстан менен канадалык «Центерра Голд» компаниясына таандык «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясына ээлик кылуу боюнча «пайдасыз» макулдашууга барган деп айыпташкан.

Ошондой эле Сатыбалдиевдин 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы ишмердүүлүгүн сынга алышкан — депутаттык комиссия билдиргендей, дирекцияны Сатыбалдиев башкарып турганда анда 570 млн. сом «максатсыз пайдаланылган».

«Атамекенчилер» Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүнү февралда эле парламентте добуш берүү жолу менен демилгелөөгө аракет кылышкан, бирок ал ойлору ишке ашпай калган соң фракция өкмөттү коалиция курамынан чыгуу менен таратууга жетишти.

Сатыбалдиев жаңы өкмөттүн түзүлүшүн күтпөстөн эле, 25-мартта ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевге өткөрүп берип, өз арызы менен кызматтан кеткен.

Учурда министрлер кабинети жаңы өкмөт бекитилгенге чейин милдеттерин убактылуу аткарып жатышат.

Автор: Айзирек Алмазбекова