АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал иш сапары менен Бишкекке келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Андан соң ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда Американын кыргыз оппозициясын каржылап жаткандыгы тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты.
Бисвал Атамбаев менен болгон жолугушуусунда Ооганстандагы абалды турукташтыруудагы колдоосу үчун Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
АКШнын мамлекеттик департаментинде ал мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия маселелери боюнча жардамчысы кызматында. Бишкекке ал Борбордук Азия боюнча сапарынын алкагында 3-апрель күнү учуп келген.
Бисвалдын сапарынын конкреттүү максаттары тууралуу кабарланбай эле — Атамбаевдин басма сөз кызматы «кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо» деген гана кыска түшүндүрмө менен чектелген.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин веб-сайтында анын бул сапары тууралуу маалымат жазылган эмес.
Бисвал 3-апрель күнү кечинде Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда журналисттер Американын кыргыз оппозициясын каржылап жаткандыгы боюнча бир нече суроолорду беришти.
Мамлекеттик катчынын жардамчысы андай маалыматтарды четке кагып, АКШ заявив, что США «Кыргызстандагы саясий күчтөргө карата белгилүү бир позицияны карманбай тургандыгын» билдирди.
«Биздин жалгыз гана кызыкчылыгыбыз Кыргызстандагы демократиялык институттарды колдоодо», — деди ал.
АКШ Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү ыктымалдыгы боюнча кандай пикирде экендиги тууралуу журналисттердин берген суроосуна Бисвал кайсыл гана өлкө болбосун «тандаган өлкө менен карым-катнаш түзүүгө укуктуу» деген жоопту берди.
Бирок бир аздан соң ал украин каатчылыгы тууралуу кеп козгоп, эл аралык чек аралар күч колдонуу жолу менен өзгөртүлбөшү керектигин кошумчалады.
“Дүйнө жүзү Крымдагы окуяларга көз салып, тынчсызданып жаткан маалда биз Кыргызстандын өкмөтү менен элине Кошмо штаттар суверендүүлүгүн толугу менен колдой тургандыгы жөнүндө кат жолдойбуз”, — деди Бисвал.
Ал Транзиттик жүк ташуу борборунун «Манас» аба майданынан чыгарылгандыгына карабастан АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле «бекем» жана «өнөктөштүктөрчө» экенин айтты.
«Биз Кыргызстандын өкмөтүнүн Транзиттик жүк ташуу борбору жөнүндөгү макулдашууну узартпоо чечимин сыйлайбыз», — деди ал.
Ниша Бисвалдын журналисттер менен болгон жолугушуусу (толугу менен)
Автор: Хлоя Гейне