УКМКнын зордуктоого айыпталып жаткан кызматкерлери акталышты [+видео]

2-майда УКМКнын майору Азамат Бекбоев менен анын кесиптеши Арзыбек Тууганбаев Бекбоевдин жубайы Назгүл Акматбек кызын зордуктоо иши боюнча акталышты. Өкүм чыгарылгандан кийин Акматбек кызы сот залынан колунун кан тамырын кесүүгө аракет кылды.

Видео: Назгүл Акматбек кызынын Аскердик соттун актоо өкүмүнө карата реакциясы:

УКМКнын эки кызматкери тең эки жылга созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин Аскердик соттун Бишкек гарнизону тарабынан акталышты.

Соттук процесс чыр-чатактар, кагылышуулар менен коштолуп келген. Катарында укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова бар Акматбек кызынын тарапташтары УКМКнын кызматкерлеринин таасиринен улам тергөө иштери мыйзам бузуулар менен жүрүп жаткандыгын буга чейин бир нече жолу билдиришкен.

«Мыйзамдын чегинде деп айтып жатышат — мыйзамдын чегинде болсо кана! — деди Рыскулова сот жыйынынан кийин журналисттерге. — Бүгүнкү күндө аялдардын укуктары тебеленип жатат», — деп кошумчалады ал.

Соттук процесстин жүрүшүндө Акматбек кызы, күйөөсү жана анын айдоочусунун ортосунда кандай окуялар болгондугу боюнча бир нече версия айтылган.

Акматбек кызынын версиясы боюнча, 2011-жылы ал мас абалындагы өз күйөөсү менен анын айдоочусу тарабынан зордукталган.

Азамат Бекбоевдин тарабындагылар болсо эч кандай зордуктоо болбогондугун, а Акматбек кызы менен күйөөсүнүн айдоочусу ойнош болгондуктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылып келген.

Жыйынтыгында Бишкек гарнизондук соту Акматбек кызы өзүнүн күйөөсүнүн айдоочусу менен жыныстык катнашка «өз эрки» менен барган деген өкүм чыгарды.

Өкүм угузулаары менен Акматбек кызы жыйындар залынын терезесин сындырып, анын айнеги менен колунун кан тамырын кесүүгө аракет кылды, ал эми анын тарапташтары андагы тартипке көзөмөл жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери менен кагылышууга барышты.

Кагылышуудан кийин Акматбек кызынын тарапташтарынын үчөөсү Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилишти.

Авторлор:  Тилек Бейшеналиев жана Владимир Цай