Галина Скрипкина өз жынысындагы адамдар менен мамиледе болуу каалосун «оору» жана «адеп-ахлакты бузуу» деп атап, коомчулукту гомосексуалдуулуктан алыстоого чакырды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 90-жылдары эле аны паталогиялардын тизмесинен чыгарып, өзүнчө бир сексуалдык ориентация деп тааныган.
Kloop.kgнин кабарчысына берген маегинде Скрипкина гомосексуалдуулук — бул «оору» деп атоого боло турган «көз карандуулук» экенин билдирди.
«Бир жагынан бул деген бир жыныстуу мамилелерге тартуучу оору да. Бул деген адам өмүр бою жеңе албай турган көз карандуулук. Муну кантип жактырууга болсун? Мүмкүн эмес, биздин менталитет чыгыштыкы да, салттуу үй-бүлө деген бар», — деп түшүндүрдү депутат өз көз карашын.
Скрипкинанын пикиринде, гомосексуалдуулук Кыргызстандыктардын менталитетине туура келбейт, ошондуктан коомчулук аны өзүнөн «алыстатышы керек».
«Кыргыз элинин салтында салттуу үй-бүлө салты деген бар, анан гомосексуалдар, бисексуалдарга карата кантип сүйүү, жактырган мамиле калыптанышы мүмкүн? Бул биздики эмес, а эгер биздики эмес болсо коомчулук аны өзүнөн алыстатып, таза, тунук жана жакшы нерселер менен бөлүшүүлөрү керек», — деди Скрипкина.
«Лабрис» укук коргоо уюмунун адвокация бөлүмүнүн жетекчиси Вероника Юрьева «элдин салттары ар бир жарандын көз карашы менен тандоосуна басым жасабашы керек» деп эсептейт.
«Менин оюмча, бир дагы салт басым жасоо менен зомбулукка уруксат бербейт, а кандай гана басым жасоо болбосун ал жыйынтыгында зомбулукка алып барат. Конституцияда биздин светтик өлкө экендигибиз, биздин адам укуктарын сакталышын жактай тургандыгыбыз жазылган. Баарынан да алгач ушуга карашыбыз керек» , — деди ал.
Юрьева депутаттын пикири Конституцияга каршы келбеши керек деп эсептейт.
«Депутаттардын жеке өзүлөрү гомосексуализмге кандай кааласа ошондой мамиледе боло алышат, бирок мамлекеттин өкүлү катары алар биздин өлкөнүн башка жарандарындай эле гомосексуалдарды да коопсуздук жана укуктарынын сакталышы менен камсыз кылуулары керек», — деди Юрьева Kloop.kgге берген маегинде.
«Гейлерге каршы мыйзам долбоору»
Скрипкинанын партиялашы Төрөбай Зулпукаров парламентарий Курманбек Дыйканбаев менен бирге март аыйнда эле «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге жакшы пикир жаратууга» каршы мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.
Зулпукаров менен Дыйканбаевдин идеялары боюнча, Кыргызстандын мыйзамына бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши керек. Аларга ылайык, өлкөдө «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир жараткандар» кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
Мыйзам долбоорунда эгер «салттуу эмес мамилелерге» жашы жете элек балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир жаратыла турган болсо бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун текстинде «салттуу эмес мамиле» деген терминдин эмнени түшүндүрө тургандыгы ачык түшүндүрүлүп жазылган эмес.
Галина Скрипкина талкууда мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирди.
«Алардын кайсыл бир клубдары бар, анда жаштар чогулушат. Ал жаштарга: «Карачы, кандай жакшы, Биз эркинбиз! Биз мына мындай кыла алабыз, тигиндей да кыла алабыз» деп өз идеяларын таңуулашат. Бирок андай кылган болбойт, бул адеп-ахлакты, салттарды, үй-бүлөгө болгон базалык мамилени бузуу да. Андай кылган болбойт», — деп түшүндүрдү депутат «гомосексуализмди пропагандалоо» боюнча өз түшүнүгүн.
«СКью» Бишкек феминисттик демилгелер уюмунун өкүлү Галина Соколова мыйзам долбоору гейлерге карата жек көрүү сезимин гана жаратат деп эсептейт.
«Гейлердин көп же аз боло тургандыгына карабастан бул мыйзам долбоору жек көрүүнү гана жаратат», — деп эсептейт Соколова.
Мыйзам долбоору Кыргызстандагы гомофобиялык маанайлардын күч алышынын фонунда жазылган. Анын иштелип чыккандыгы тууралуу 12-мартта — 100гө чукул адамдан турган топтун «гей-пропагандага» каршы парламент имаратынын алдында митинг өткөргөн күнү жарыяланган.
Эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» (HRW) уюму 28-мартта эле мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап, Кыргызстандын парламентин андан баш тартууга чакырган болчу.
Мыйзам долбоорунун чакырылып алынышы Кыргызстандын коомчулугунун бир бөлүгү, ошондой эле бир катары жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан айтылган кескин сын-пикирлердин фонунда орун алган.
Ал 22-апрель күнү авторлору Төрөбай Зулпукаров менен Курманбек Дыйканбаев тарабынан чакырылып алынган, бирок эки аптадан кийин парламенттин кароосуна кайрадан кайтарылган.
Автор: Нуржамал Жаныбекова