Парламент депутаттарынын көпчүлүгү чек ара аймактарындагы жашоочуларга үйлөрүн чет элдик жарандарга сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун колдоп жатышат. Депутаттар коңшу өлкөлөр мындай жол менен өз аймактарын кеңейтүүгө аракет кылып жатышат деп эсептешет.
Эл өкүлдөрү өкмөттөн чек ара аймактарында сатыкка коюлуп жаткан үйлөрдүн бардыгын сатып алуусун талап кылышты. Депутаттар ал жер тилкелерин өз өлкөсүнүн аймагын кеңейтүү максатында коңшу өлкөлөрдүн жарандары сатып алуулары мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
«Ата-Журт» фракциясынан депутат Улугбек Кочкоров чек арага жакын аймактардан турак жай сатып алууну каалаган мекендештерге шарт түзүп берүүнү сунуштады.
«Жер тилкесин сатып, бирок документтерин тажик тарап кайрадан өздөрүнө жаздырып алган учурлар бар. Карасаңар, ал кызыл китебин сууруп чыгып, үй кыргызга таандык экенин көрсөтөт. Келгиле эгер кыргызстандыктардан кимдин бирөө сатып алгысы келсе, өтө жеңилдетилген шарттарда сатып алгыдай кылабыз», — деди Кочкоров парламент жыйынында.
Депутат Дамира Ниязалиева бул маселени коңшу өлкөлөр менен чек араларды делимитация кылуу жолу менен чечсе болоорун билдирди.
«Мүмкүн жөн гана дилимитация, демаркация кылып туруп мамыларды орнотуп коёбуз. Муну айтып жаткан депутаттар жарандарыбызды укуктарын бузуп жаткандыгыбызды билишеби? Мамлекет муну ойлошу керек», — деп нааразы болду ал.
Депутаттардын нааразычылыгына жооп катары өкмөттүн парламенттеги өкүлдөрү чек арага жакын аймактардагы жер тилкелерин сатып алуу маселесин экономика министрлиги карап чыгаарын билдиришти.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.
Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып турат.
Автор: Нуржамал Жаныбекова