Башкы прокуратура Келдибековдун Кыргызстанда дарыланышын талап кылууда

Айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун Германияга учуп кетүүсүнө уруксат берилбеши мүмкүн — мамлекеттик айыптоо жактоочулар эл өкүлүн чет өлкөдө дарылоо зарылчылыгын далилдей алышкан жок деп эсептейт.

Башкы прокуратура каржылык алдамчылыктарга айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековдун Германияга барып дарылануусуна уруксат берген Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанды.

Келдибековдун жактоочулары депутатка жасалышы керек болгон операцияны Кыргызстанда жасоого мүмкүн эместигин далилдей алышкан жок, деп эсептейт Башкы прокуратура.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органы соттун чечимин «далилсиз жана коргоочу тараптын өтүнүчүнө гана негизделген» деп эсептөөдө.

«Сотко коргоочу тараптан берилген медициналык документтердин биринде да сот жообуна тартылып жаткан адамдын мындан аркы дарылануусун республиканын аймагында улантууга мүмкүн эместиги тууралуу корутунду берилген эмес», — деп билдирүүдө Башкы прокуратура.

Мамлекеттик айыптоо оппозициялык депутат чет өлкөгө чыккандан кийин соттук процессти чектелбеген мөөнөткө чейин создуктурушу мүмкүн деп кооптонууда.

«Аны менен катар сот өз өкүмүндө Келдибековдун канча убакыт чет өлкөдө болуусуна уруксат берилгендиги көрсөтүлгөн эмес, бул сот жообуна тартылып жаткан адамдын соттук процессти создуктурушуна негиз берет», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Үй камагында

Келдибеков тергөө абагынан үй камагына 1-августта бошотулган — мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.