Орусия: Он эки кыргызстандык кулчулуктан бошотулду

Он эки эмгек мигранты үч ай бою Орусиянын Тула шаарынын айланасында кулчулукта жүрүшкөн. Учурда алар бошотулуп, Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги орус полициясы менен биргеликте 12 кыргызстандыкты кулчулуктан бошотту — алар үч айга чукул убакыт документтери жок, айыл чарба жумуштарында мажбурлоо жолу менен иштеп келишкен.

Элчиликтин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар начар шартта жана курсактары анча-мынча гана тоюп жашашкан.

Эмгек акы менен паспортторду берүү өтүнүчтөрүнүн бардыгы тең коркутуулар, кээ бир учурларда токмоктоолор менен аяктап келген — дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, жумуш берүүчү кыргызстандыктардын бирин зордуктаганга чейин барган.

«[...] зордукчу менен мигранттарды сабап жүргөн анын өнөктөшү качып кетишкен. Мажбурлап иштетүүнү уюштурган дагы үч уюштуруучусу менен учурда орусиялык укук коргоо органдары иштеп жатышат», — деп жазылган пресс-релизде.

Жумушчулардын бири, Асан «Азаттык» радиосуна берген маегинде мигранттардын картөшкө жана капуста өстүргөн талаадагы жумушчу күнү 12 сааттан ашык болгонун, а жалдоочулар жумушчуларга өтө орой мамиле кылгандыктарын айтып берген — оор шарттардан улам анын жубайынын боюнан түшүп калган.

«Акча төлө десең, кожоюн акча жок деп ызырынат. Аялдарга асылышат. Арабыздагы бир келинге бычак такап, күч колдонуп зордуктайбыз деп коркутту. Дагы бир аялды уруп салышты. Менин аялымдын бир айлык боюнда бар эле, келгенден кийин түшүп калды. Жамгырбы, суукпу, ысыкпы эч нерсеге карабай ишке айдайт, акыркы күндөрү катуу кыйнады», — дейт ал.

Анын айтымында, аларды Орусияга Махабат деген келин чакырган — ал жол киреге акча салып жиберип, жакшы шарттарда иштей тургандыктарын айтып убада берген.

«[Ал] бул жерде орустарда иштейсиңер, тамак-ашыңар жакшы, барып келген билетиңер бекер, эч нерседен кыйналбайсыңар деген. Биз аэропортко (Москва) келгенде эки азербайжан күтүп алды. Бизди 12 миң рубль айлык берилет деп чакырышкан, Тулага жеткенде 10 миң рублдан төлөнөт деп чыкты», — деген жумушчу.

Тема боюнча: КачууPhoto-4Асандын жубайы да жалдоочулар тараптан зордук-зомбулуктарга кабылган. Кожоюнунун иниси аны бир нече жолу сабаган — андан кийин ал дээрлик эки апта бою төшөктөн тура албай жатып калган, бирок жумуш берүүчү дарыгер чакырып жардам берип койгон эмес, деп жазган «Азаттык» радиосу.

Бул окуядан кийин анын башы азыркыга чейин ооруп, кыйналып келет.

«[...]Кожоюндун 24 жаштагы иниси келип мени машиненин темири менен коюп ийди. Эмне болуп кеткенин байкабай дагы калыпмын. Анан эсиме келип, милицияга берем деп бассам, артыман келип швабра менен эки жолу башка чапты», — деп айтып берген жубайы.

Учурда элчиликтин жардамы менен кулчулукта болгон 12 кыргызстандык үйлөрүнө кайтып келгени жатышат — дагы алтоосу мурунку жумуш орундарында калуу чечимине келишкен.