Эгемендүүлүк күнүнүн Бишкек жана Ош шаарларында майрамдалышы

Бишкек менен Оштун жашоочулары өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгын шаарлардын борбордук аянттарында майрамдоо менен белгилешти.

Бишкекте майрам кечке чейин созулду. Бул сүрөттө кичинекей балдардын бий тобу сахнага чыгууга даярданып жатышат.DSCN1050Майрамдык салтанатка бий топтору менен белгилүү аткаруучулар катышышты.DSCN1054Алардын сырткары президент Алмазбек Атамбаев менен борбордун мэри Кубанычбек Кулматов чыгып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.DSCN1078 (1)Эл алдына чыкканда кемчиликтердин болбошу үчүн сахна артында бийчилер менен аткаруучулар тынымсыз даярданып жатышат.DSCN1089Кимдир бирөө чогулган көрүүчүлөрдүн алдына чыгып бүткөн болсо, башкалары эми гана сахнага чыгууга даярданууда.DSCN1111-001Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, эртең мененки майрамдык иш-чарага шаардын 2000ден ашпаган тургундары жана коноктору чогулушкан, андан сырткары салтанатка мамлекеттик органдардын, чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 200гө чукул өкүлдөрү катышышты.DSCN1111-001Түштүк борбордо — Ош шаарында да — майрам бий топтору менен аткаруучулардын борбордук аянттагы ыр-бийлери менен башталды.IMG_0302-001Андагы майрамдык салтанат элдик фольклордун күүлөр менен коштолду.IMG_0312IMG_0395IMG_0441