Оппозиция милиция тарабынан куугунтуктоолор болгондугун билдирүүдө

Оппозициялык активист Мавлян Аскарбеков аны милиция кызматкерлери кармап, Таластагы курултай үчүн даярдалган маалымат баракчаларын тартып алгандыктарын билдирди. ИИМ активисттин кармалгандыгы жөнүндөгү маалыматты четке кагууда, бирок «чагымчыл» баракчалардын болгондугун айтууда.

Аскарбеков милиция кызматкерлерине 23-сентябрь күнү түн ичинде, кесиптеши менен бирге Бишкектен Таласка бара жатканда жолуккан. Анын айтымында, алар 27-сентябрга белгиленген курултай үчун маалымат баракчаларын алып бара жатышкан.

Аскарбеков Kloop.kgге берген маегинде унаасын жарандык кийимчен адамдар токтотушуп, документтерин алып, анын милиция бөлүмүнө баруусун өтүнүшкөн.

«Бизди белгисиз унаа эки күн аңдып жүрдү. Кечээ түн ичинде бизди Сосновка бекетинен жарандык кийим кийген куралдуу адамдар кармашты. Алар эч нерсе айтпай, өздөрүн тааныштырбастан эле документтерибизди алып алышып, беш саат кармап турушту», — деди Аскарбеков.10011556_10202889062893056_937172402540889079_oОппозиционер милиция бөлүмүнөн алардын маалымат баракчаларын тартып алгандыктарын айтты — ал милициянын бул аракеттерин жогорку жетекчиликтин буйругу деп эсептейт.

«Бул жогорку жактын буйругу менен жасалды. Кызматкерлер мыйзамсыз аракеттерди кылышмак эмес — алар буйрукту аткарышты. Андагы аракеттеринин мыйзамсыз экенин түшүнүп жатышты. Ал эмес бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга да болот. Бирок ага карабастан аларга жогорку жактагылардын мыйзамсыз буйругун аткарууга туура келди», — деди активист.10688270_10202889074093336_4776809550605585461_o

«Чагымчыл баракчалар»

Ички иштер министрлигинин (ИИМдин) басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде оппозиционерлердин кармалгандыгы тууралуу тараган маалыматты четке какты. Анын айтымында, активисттин унаасы өткөрүлүп жаткан рейддин алкагында токтотулган.

Осмонбаев ИИМдин кызматкерлери унаанын ичинен «чагымчыл мүнөзгө ээ» баракчаларды табышкандыгын айтты. Учурда ал баракчалар экспертизага жөнөтүлгөн. Министрликтин өкүлү «чагымчылдык» деген сөз менен эмне айкысы келгендигин түшүндүрүп айтып берген жок.

«Азырынча биз анда эмне болгондугун так айта албайбыз. Бирок баракчалар чагымчыл мүнөзгө ээ болгон. Кызматкерлер аларды алып, административдик акт түзүшкөн», — деди Осмонбаев.

Өз кезегинде Аскарбеков баракчаларда эч кандай чагымчыл маалыматтардын жок экендигин, тескерисинче, алардын Талас облусундагы аймактык маселелерди чечүүгө багытталгандыгын айтты.

Бул милициянын жаш оппозиционерлердин аракеттерине карата жасаган алгачкы катуу реакциясы эмес — Аскарбеков башында турган активисттер президент Алмазбек Атамбаевге каршы Бишкекте митингге чыкканда аларды эки жолу кармашкан.

Аскарбековдун айтымында, 27-сентябрда активисттер Таласта жергиликтүү тургундар менен бийликтегилердин жолугушуусун өткөрүүнү пландап жатышат, анда Казакстанга «суунун жана жердин сатылышына» байланышкан маселелер талкууланышы күтүлүүдө.