Уюштуруучу Kazaky тобунун концертин үзгүлтүккө учураткандар тууралуу: «Алар бизде ислам өлкөсү деп кыйкырышты»

Бишкектеги Guns’n’Roses түнкү клубунун арт-директору Данил Мишин Kloop.kgге берген маегинде келтирилген чыгымдар жана чуулгандуу Kazaky тобунун концертинин үзгүлтүккө учуратылышына капаланып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Тема боюнча: Kazaky тобунун Бишкектеги концерти «гейлерге каршылар» тарабынан үзгүлтүккө учуратылды

Мишиндин айткандары өзүнүн атынан баяндалат:

Бүгүн, 17-октябрь күнү күндүз аким [Канат] Эшатовдун атына биз «гомосексуалисттерди» чакырбайбыз, ал болгону шоу деп түшүндүрмө кат жазгам.

Балдар — бийчилер жана гимнасттар. Шоу-балет катары бийлешет. 9-октябрда «гомосексуализмди пропагандалоого» каршы мыйзамдын кайсыл бир баскычында кабыл алынганы менен, биз балдар менен келишимге сентябрда эле кол койгонбуз, алардын алдында бизде милдеттеме бар болчу.

Биз аларга дээрлик гонорардын бардыгын төлөп бердик. Билеттердин бардыгын сатканбыз. 400-500 киши келет деп күтүп атканбыз. Өтө көп билет сатылган — адамдардын алдында чоң милдеттенмелерибиз бар болчу. Ошондуктан мен өз милдеттенмелерибизди аткаралы деп концертти өткөрүүгө уруксат сурагам. Анан мен мындан кийин эч кандай саясий көйгөйлөр болбосун деп, кимди алып келүү боюнча кеңеше тургандыктарыбызды айтып, убада бергем.

Менин арызымды кабыл алышып, «эртең дем алыш» деп, аны дүйшөмбү күнү карай тургандыктарын айтышты.

Акимиаттын өкүлү азыр эч кандай тыюу жок деп мени ишендирди. «Концертти камсанабай эле өткөрө берсеңиздер болот, эч канда көйгөй жок. Болгону, этият болгула» деди. Анан мен көңүлүм жай алып кетип калгам.

Биз сахнага чыгууга даярданып баштадык. Анан, баары башталгандан кийин, ушундай болот деп ишенген эмесмин. Аягына чейин укук коргоо органдары бизге жардам берет деп үмүттөнгөнбүз. А чынында эч ким эч нерсе кыла алган жок. Милиционерлер ийиндерин куушуруп коюп жүрүштү.

Чынын айтсам, мен чогулгандар менен сүйлөшкөн жокмун. Мага: «Уюштуруучу катары сени издешет, бул жактан кетип кал» деп, унаага отургузуп кетирип жиберишти. Мен «гомосексуализмге орун жок», «бизде ислам өлкөсү», дегендерин гана уктум.

Тема боюнча: Kazaky тобунун Кыргызстанга келе тургандыгы жөнүндөгү жаңылыкка болгон реакция

Биз эч кандай гомосексуализмдин, пропаганданын жок экенин — анын болгону бий экендигин далилдөөгө аракет кылдык. Узун бойлуу, спорттук дене түзүлүштөгү, арык балдар бир нече бийин шиш такачан бийлешет. Бирок алар номурларынын үчтөн бирин гана шиш такачан көрсөтүшөт. Калган убактарда алар ботинкалар менен бийлешет, укмуш кыймылдашат, а жашоодо хип-хоперлер сыктуу көрүнүшөт. Алардын көбүнүн аялдары бар, кимдир бирөөнүн балдары да бар.

Клубга келтирилген чыгымдар кыйла эле көп. Жакшы автоунаа сатып алууга жетмек. Бирок баарынан да биз адамдарга билеттерди сатып, убада берип койуп, милдетибизди аткара албай калганыбыз капалантууда. Көпчүлүгү чынында эле Бишкекке «Kazaky» тобун алып келээрибизге ишенбей жатышкан.

Анан биз адамдарды оңтойсуз абалга калтырып койдук.

Kazaky тобунун мүчөлөрү окуяны жүйөлүү кабыл алышты. Алар жөн эле: «Мейли эми, түшүнүктүү», деп жылмайып коюшту. Аларда мындай окуя биринчи жолу болбой эле, алар өтө чуулгандуу топ катары эсептелишет эмеспи. Мындай учурлар буга чейин деле болгон.

Kazaky бий тобунун катышуусундагы белгилүү ырчы Madonnaнын видеоклиби:

Чынында эгер Kazaky тобунун балдары бир аз ызакор болушканда алар гомосексуализмге айыптагандыктары үчүн митингдин катышуучуларын сотко бере алышмак.

А биз болсок мунун баарына байланышкан маселелерди эртең чечебиз. Анткени биз үч күндөн бери уктай элекпиз — концертке даярданып.

Албетте, биз унчукпаган бойдон калбайбыз. Бул жөндөн жөн эле, мыйзамсыз уюштурулган митинг. Андай болбошу керек.

Биз — оюн-зоок жайбыз. Ага гомосексуализмди пропагандалоонун кандай тиешеси бар? Анүстүнө, эгер алар эрезеге жете элек балдардын психикасы бузулат деп атышса, бизде жаш курагы боюнча чектөөлөр бар болчу. Алардын концерти улуу адамдарга гана чакталган.