Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Аравиясына болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө кичи ажылык зыяратын аткарды.

Кыргызстандын президенти кичи ажылык зыяратын 3-декабрда, Меккедеги мечитте аткарды.

Атамбаевдин зыярат кылып жаткандыгы тартылган видео менен сүрөттөр интернетте 4-декабрь күнү кечинде пайда болду.

Видеодо президенттин өзүн, уулу Кадырды, өлкө башчысынын кеңешчиси Икрамжан Ильяминовду жана кыргыз делегацияларынын башка мүчөлөрүн көрүүгө болот.

Өлкө башчысы кичи ажылык зыяратын Сауд Аравиясына болгон расмий иш сапарынын алкагында аткарды.

Ошондой эле Атамбаев сапарынын жүрүшүндө мусулмандар үчүн ыйык болгон дагы бир шаарга — Мединага барып, Мухаммед пайгамбардын мечитинде болду.

Умра — кичи ажылык зыяраты — Мекке шаары менен Тыюу салынган мечитке барууга байланышкан жана ажылык зыяратын аткарууга арналган айдан башка каалаган убакытта аткарыла берет

Мекке — дүйнөдөгү эң чоң мечит болуп эсептелген Аль-Харам мечити жайгашкан мусулмандардын ыйык шаары. Анын ички короосунда Кааба ташы бар.