Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоодо Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары жалданма компаниялар менен биргеликте 11 млн. сомду орунсуз жок кылышкан деп шектелип жатышат.

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан борбордук ат майданды текшерүүгө алышкан.

Анын жыйынтыгында милиция кызматкерлери «аткарылган курулуш иштеринин факты жүзүндөгү көлөмү менен туура келбегендигин» аныктап чыгышкан. Анын жалпы суммасы 11 млн. сомдон ашык каражатты түзгөн.

ИИМ өз пресс-релизинде ат майданды оңдоо боюнча Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор менен «Темир Канат» курулуш компаниясынын ортосундагы келишимдин алгачкы суммасы 51,9 млн. сомдон 72,5 млн. сомго чейин көбөйтүлгөндүгүн билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү республикалык борбору менен «Темир Канат» ЖЧКсы Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ат майданда курулуш иштерин жүргүзүү боюнча жалпы суммасы 51 900 000 сом болгон келишим түзүшкөн», — деп билдирүүдө ИИМ.

Башкы прокуратура аталган фактылардын негизинде Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «ишенип берилген мүлктү менчиктөө же коротуу» жана «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин басма сөз кызматы мекемеге аткарган иштери үчүн акы төлөп бербей койгондуктары боюнча субподрядчиктерден арыздануулар келип түшкөнүн билдирди.

«[…] «Темир Канат» ЖЧКсы менен Дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттик тарабынан. Аларга аткарган иштери үчүн тиешелүү акча каражаттары төлөнүп берилген эмес», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султанбаев Kloop.kgге берген маегинде ат майданды оңдоп, даярдоого Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү республикалык борбору жооптуу болгондугун билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдын ноябрында ат майдандагы курулуш иштеринин баасын текшерүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

«Мекемелер аралык комиссия түзүлгөн, анын курамына күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде ат майданда аткарылган иштердин көлөмүн кошумча текшерүүгө алган ИИМдин өкүлдөрү да кирген. Бүгүнкү күнгө карата биз расмий жыйынтыгын ала элекпиз», — деди Султанбаев.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн «Темир Канат» ЖЧКсынын өкүлдөрү жеткиликсиз болууда.

2014-жылдын сентябрында «Азаттык» радиосу ат майданды оңдоо менен алектенген курулушчулар аткарган иштери үчүн айлык акыларын ала албай жаткандыктарын жазган.

14 миллион карыз

1-декабрда «Темир Канат» ЖЧКсынын ээси Эркин Мергенбаев ат майданды Көчмөндөр оюндарына даярдагандыгы үчүн Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбор компанияга 14 млн. сом карыз экенин билдирген.

Анын айтымында, ат майдандагы аткарылган иштердин жалпы баасы 87 млн. сомду түзгөн.

«Карыздарды төлөп берүү боюнча жалдоочунун дарегине жолдонгон бир нече жолку кайрылуу ар түрдүү жолдор менен көңүл сыртында калтырылууда. Жоопкерчиликтен баш тартуу мыйзамсыз текшерүүлөр жана аткарылган иштердин көлөмүн ченөөлөр менен түшүндүрүлүүдө», — деп билдирген Мергенбаев.

«Темир Канаттын» башчысы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борборду сотко бере тургандыгын айтып коркуткан.

Өз кезегинде Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик мекеме тарабынан жалданма компаниянын арыздарын текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөндүгүн билдирген.

Андан сырткары мамагенттиктен келишимде көрсөтүлгөн 72,5 млн. сомду төлөп бергендиктерин билдиришкен.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылдын сентябрында өткөн. Бийликтин маалыматы боюнча, оюндарды уюштурууга 3 млн долларга жакын каражат жумшалган.

Октябрда оюндарды өткөрүүгө жооптуу болгон Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев иш-чараны өткөрүү менен Кыргызстан 9 млн. доллар иштеп тапкандыгын билдирген.