Улуттук банк бир сом үчүн 99 тыйын деп расмий алмаштыруу курсун бекитти. Орусиялык валюта бир күн ичинде кыргыз сомуна карата 3,5 пайызга арзандады.
12-декабрда эртең менен Бишкектин акча алмаштыруу жайларында кыргыз сому орусиялык рубль менен теңелгендиги тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазган.
Бирок күн ичинде рубль өз позициясын бекемдеп, бир сом үчүн 95 тыйын деңгээлине чейин жогорулаган.
Күндүн соңуна карата Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында орусиялык валюта сомго карата 3,69 пайызга арзандагандыгы жазылган.
Учурда Кыргызстандын Улуттук банкынын расмий валюталар курсу боюнча, рубль 1,01 сом, доллар — 57,6 сом, а евро — 71,7 сом турат.
«РБК Quote» сервисинин 2014-жыл үчүн чыгарган жыйынтыгына ылайык, рубль «дүйнөнүн эң начар валютасы» рейтингинде экинчи орун алган — ал жыл башынан бери өз наркынан 39 пайыз жоготкон.
Рейтингде кыргыз сому жыл башынан бери өз наркынан 15 пайыз жоготуп, тогузунчу орунга жайгаштырылган.
Мигранттардын кирешелери азайууда
«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, рублдин кунунун түшүшү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын кирешелерин 30-40 пайызга чейин азайткан.
«Азаттык» «Замандаш» ассоциациясынын Орусиядагы өкүлү Руслан Эшимовго шилтеме жасоо менен эгер буга чейин мигранттар орточо эсеп менен 25-30 миң рубль (эски курс боюнча 900-1000 доллар) таап, Кыргызстанга 400-500 доллардан жөнөтүп турушкан болсо, эми ал сумма дээрлик эки эсеге чейин азайгандыгын жазган.
«Тактап айтканда, азыр Орусиядагы кыргызстандыктар рубль менен эсептегенде ошондой эле суммадагы акчаны алышат, бирок аны долларга айлантканда мурункуга караганда кыйла эле аз болуп калууда, ошондуктан алар мекенине жөнөтүп жаткан сумма 200-300 долларды түзүүдө», — дейт Эшимов.
Декабрдын башында «Рейтерс» маалымат агенттиги Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары акырындап кайрадан үйлөрүнө кайтып келе баштагандыктарын жазган.
Батыштын санкциялары жана мунайдын баасынын төмөндөшү
Орусиялык жана чет элдик эксперттер рублдин кунунун түшүшүн Украинадагы саясий каатчылыктан улам АКШ менен Европа биримдиги тарабынан киргизилген санкциялар жана мунайга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшү менен байланыштырып жатышат.
2014-жылдын мартынан тарта киргизилип баштаган АКШ менен Европа биримдигинин санкциялары орусиялык мунай-газ корпорациялары, банк жана экономика системаларына багытталган.
2014-жылдын июнунан бери мунайдын баасы дээрлик эки эсеге — бир баррели үчүн 114 АКШ долларынан 63 долларга чейин төмөндөдү.
Сүрөттүн автору: Илья Каримджанов