Европарламенттин депутаттары «гейлерге каршы» кыргыз мыйзам долбоору боюнча резолюциясынын болжолдуу версиясында Жогорку Кеңешке документти чакырып алуусун сунуштаган. Акыркы версиясы боюнча добуш берүү 15-январда болот.

14-январь күнү Европарламенттин веб-сайтында жарыяланган биргелешкен резолюциянын болжолдуу текстинде Кыргызстандын депутаттарына карата чуулуу мыйзам долбоорун чакырып алуу чакырыгынан башка эч кандай сунуш берилген эмес.

Ошондой эле европалык депутаттар кыргыз парламентине жолдонгон сунуштаманын жети пунктун белгилешкен.

Алардын арасында - сексуалдык ориентацияларынын негизинде басмырлоонун жоктугунун кепилдиги жана «Кыргызстандын Конституциясын сыйлоо» чакырыктары бар.

Алсак, европалык депутаттар Жогорку Кеңештеги кесиптештерин кыргыз Конституциясындагы 16чы, 31чи, 33чү жана 34-беренелерди сыйлоого чакырышкан. Алардын пикирлеринде, мыйзам долбоору кабыл алынса аталган беренелер бузулат.

Бул беренелер эмне жөнүндө?

16-берене басмырлоого тыюу салып, адамдын укуктары менен эркиндигин кепилдейт.

31-берене өз пикирин билдирүү эркиндигин кепилдейт.

33-берене маалыматтын таралышынын эркиндигин кепилдейт.

34-берене тынчтык чогулуштарын өткөрүүнүн эркиндигин кепилдейт.

«Европалык парламент [...] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», - деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.

Текс боюнча акыркы добуш берүү Европарламентте 15-январда өтөт.

Жалпысынан, Европарламенттин депутаттарынын түрдүү топтору тарабынан 14-январь күнү кечинде болжолдуу жалпы документке бириктирилген резолюциянын алты варианты сунушталды.

13-январда кыргыз депутаттары биринчи окуудан өткөн мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырышкан болчу.

Анын расмий себеби катары Швейцариянын Женева шаарындагы Парламенттер аралык биримдиктин экспертизасын күтүп жаткандыктары айтылган.

«Аталган мыйзам долбоору боюнча тез жыйынтык чыгарышыбыз жана анын укуктук жактан кынтыксыз болушу үчүн биз Парламенттер аралык биримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп билдирген 13-январда социал-демократтар фракциясынан депутат Галина Скрипкина.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

2014-жылдын жазында каттоодон өткөн мыйзам долбоору «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата «жагымдуу пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин сунуштайт.

Эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде да, ага карата жазылган түшүндүрмөдө да «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендигине так аныктама берилген эмес.

Гомосексуалдуулук Кыргызстанда 1990-жылдардын аягынан бери кылмыш катары эсептелбейт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар аны «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап келишет.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде Орусияда кабыл алынган ушуга окшош мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун авторлору документтин «салттуу баалуулуктар» менен «салтуу үй-бүлөлөрдү» коргоого багытталгандыгына ишендирип жатышат.