ИИМдин басма сөз кызматы Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасына 11-январда жаткырылган эки жаштагы балага карата сексуалдык зомбулук жасалгандыгы фактысын аныктады. Буга чейин милиция баланын туугандарын сабоого жана болжолдуу зордуктоого айыптаган. Учурда наристенин айыпталган аталаш тууганы менен жеңеси тергөө абагына эки айга камакка алынышты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттук медициналык экспертиза эки жаштагы баланын зордукталгандыгы фактысын ырастагандыгын билдирди.

Эки жашар наристе Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасына 11-январда, көптөгөн сыйрылган, көгөргөн жерлери, баш сөөгүндөгү жаракаттары жана сексуалдык зомбулук белгилери менен жеткирилген.

«Бизде шектенүүлөрдү жаратып, милицияга кайрылуубуздун себеби — баланын оозунун бир жагы айрылып, аналдык каналынын алдында бир нече тешиктер бар болгон — бул анын кандайдыр бир жаракаты бар экендигинин белгилери. Биз эмне жаракат экенин билбейбиз: мүмкүн зомбулук деле эместир — бир нерсеге катуу отуруп алгандыр… а мүмкүн зомбулуктур. Судмедэксперт аны зомбулук деп эсептеп жатат», — деп билдирген Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков 13-январда.

Буга чейин милиция баланын аталаш тууганы аны сабагандыгын мойнуна алганын, бирок «балага клизма кылгандыктарын» айтып, зордуктоо фактысын четке кагып жатканын билдирген. Ошондой эле наристени сабагандыгын анын жеңеси — айыпталган аталаш тууганынын аялы — «жарым-жартылай мойнуна алган».

Милиция баланын азырынча аты-жөндөрү айтылбай жаткан эки тууганына карата кылмыш ишин козгогон — алар «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге барган» жана «атайылап ден соолукка оор зыян алып келген» деп айыпталып жатышат.

Соттун чечими менен 16-январда айыпталып жаткан эки жаран тең тергөө абагына эки айка камалган.

Башкы дарыгер Талант Өмүрбеков 2014-жылы алардын ооруканасына зомбулук көрсөтүү белгилери менен 52 бала жаткырылгандыгын айткан.

Коомдун реакциясы

Эки жаштагы баланын сабалгандыгы тууралуу кабар Кыргызстанда эң көп талкууга алынган жаңылыктардын бири болуп калды — алгач интернет-коомчулук, андан соң бийликтегилер да өлкөдө кичинекей балдарга карата жасалып жаткан зомбулук көйгөйлөрү боюнча талкууларын башташкан.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө кичинекей балдардын зомбулукка кабылышын алдын алып, токтотуу үчүн чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берген. ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев болсо эки жаштагы сабалган баланын иши боюнча кылмыш ишин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын миңден ашык балдарга зомбулук көрсөтүү фактылары орун алат.

«Биздин коомдо эмне болуп жатат? Эмне үчүн мамлекеттин кичинекей жарандары жакындары тарабынан кордолгон деңгээлге чейин жетти. Былтыр бул тармакта эле миңден ашык кылмыш болду. Бирок бул көйгөйдүн учу гана экени баарына түшүнүктүү. Балдарды баккандар же аларды камкордукка алгандар белгилүү болуп калган учурларды да жашырып жатышат. Ооруканаларга болсо, мындай фактылар кокусунан болгон окуя деп жаап-жашырылып жатат», — деп жазган «Sputnik» маалымат агенттиги Оторбаевдин айткандарын.

Премьер балдарга карата зомбулук жасоо үчүн жазаларды катаалдатууну сунуштады.

«Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук корунун башчысы Назгүл Турдубаева 2014-жылы Кыргызстанда балдарга карата 900гө чукул укукка каршы аракеттер болгондугун билдирген.