Белгисиз адамдар «Лабрис» укук коргоо уюмунун короосуна күйүүчү кошулмалар куюлган үч бөтөлкө ыргытып кетишкен. ЛГБТнын (лесбияндар, гейлер, бисексуалдар жана трансгендүүлөр) укуктарын коргоо менен алектенген юристтердин өзүлөрү мындай агрессия «гей-пропагандага тыюу салуу» жөнүндөгү мыйзам долбооруна байланыштуу деп эсептешүүдө.

«Лабристин» кеңсесине кол салуу 4-апрелге караган түнү болгон — видеокөзөмөл камералары белгисиз эки адамдын короого күйүүчү кошулмалар куюлган үч бөтөлкө ыргытып кеткендиктерин тартып алган.

«Ачык жалынга карабастан от кеңсенин дубалдарына жармашкан эмес, андан улам уюмдун буюмдары зыянга учураган эмес. Чабуулдун мүнөзү кол салуунун максаты өрт коюу болгондугун көрсөтүп турат», — деп жазылган «Лабристин» билдирүүсүндө.

11101018_906124859453326_725370329_o-1024x576
Видеокөзөмөл камераларынан алынган кадр.

 

Уюмдун өкүлдөрү бул уюмдун тарыхындагы биринчи окуя эмес экендигин кошумчалашты — айтымдарында, буга чейин «Лабристин» кеңсесине таштарды ыргытышып, активисттери «бир канча жолу коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болушкан». Уюм видеокөзөмөл камераларына жазылган видеолорду берүүдөн баш тартты.

Уюмдун өкүлдөрү кеңсесине кол салууну парламентте каралып жаткан «гейлерге каршы» мыйзам долбоору менен байланыштырып жатышат.

«Жогорку Кеңеште гомофобдук мыйзам долбоору пайда болгондон бери ЛГБТ-коомчулугуна, ошондой эле ЛГБТ-укук коргоочуларга карата коркутуп-үркүтүүлөрдүн, чабуулдардын саны өстү», — деп эсептешет «Лабристен».

Уюмдун активисти Сыйнат Султаналиева «адам укуктарын чектөөгө багытталган» мыйзамдардын пайда болушу «коомдогу агрессия менен жек көрүүчүлүктүн күчөшүнүн» себептери болуп эсептеле тургандыгын билдирүүдө.

«Конституциянын кепили катары Кыргызстандын өкмөтү, ошондой эле президент коомдогу кандай гана жек көрүүчүлүк көрүнүштөр болбосун эл алдында айыптап чыгууга, ошондой эле кандайдыр бир жол менен коомдогу түрдүү топтордун укуктарынын сакталышына таасирин тийгизген бардык демилгелерди чакырып алууга милдеттүү», — деп эсептейт Султаналиева.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда кылмыш жана административдик жоопкерчиликтер сунушталган, анда бир жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Кыргызстанда гомосексуалдуулук 1999-жылдан бери кылмыш болуп эсептелбейт.

Уюмдун активисттери бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылбай тургандыктарын билдиришти.

«Тилекке каршы, Кыргызстандын милициясынын өзү ЛГБТ-коомчулугу үчүн зомбулук көрсөтүү булагы болуп эсептелет», — деп жазылган «Лабристин» билдирүүсүндө.

Укук коргоочулар кеңсеге кол салуу болгондугу тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын докладчысына билдире тургандыктарын айтып жатышат.

«Мүмкүн БУУнун механизмдери өлкөнү [Кыргызстанды] кайсыл бир белгилерине карабастан бардык жарандары үчүн коопсуздукту камсыз кылууга чакырууга жардам берет чыгар», — деп билдиришти «Лабристен».

Бул боюнча түшүндүрмө алууга Ички иштер министрлиги менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматтары жеткиликсиз болууда.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» мыйзам долбоору парламентте 2014-жылдын жазында демилгеленген. Анда укук коргоочулар мыйзамды «басмырлоочуд мыйзам» деп аташкан.

Демилгечилер бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» түшүнүгүнө так аныктама бере албай келишкен. 2015-жылдын февралында гана авторлор мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишип, анда аталган түшүнүктү «бир жыныстагы адамдардын сексуалдык катнашка баруусу» деп түшүнө тургандыктарын жазышкан.

Январдын аягында мыйзам долбоору Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан да каралган — кеңешке мүчө өлкөлөр кыргыз депутаттарына документти кароодон чакырып алуу сунушун айтышкан.

2015-жылдын январында Европа парламенти да Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзам долбоорун чакырып алуу сунушун айткан. Алар мыйзамдын кабыл алынышы «Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелерге таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн» айтышкан.

Бирок 2015-жылдын 9-апрелинде Кыргызстанга европалык депутаттардын делегациясын жетектеп келген Европарламенттин депутаты Ивета Григуле мыйзамдын кабыл алынышы «ЕБ менен Кыргызстандын мамилелерине таасир этпестигин» билдирди.

2014-жылдын октябрында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ыктымалдыгы боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин пикирлеринде, мыйзам «адам укуктары, демократиялык жетишкендиктер жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунуч жаратат».

«Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Жооп катары кыргыз парламентинин басма сөз кызматы мыйзам долбоорунун нормалары Кыргызстандын Конституциясына жооп бере тургандыгын жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбастыгын билдирген.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин өзүлөрү аны парламенттин кароосунан чакырып алуудан баш тартышкан. Алар Европарламенттин резолюциясы менен БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин чакырыктары — «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү» экендигин билдиришкен.

Мыйзам долбоорун чакырып алуу боюнча сунуштар БУУнун Кыргызстандагы миссиясы жана эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюму тарабынан айтылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев алгач мыйзам долбоорун көрүшү керектигин, андан соң гана ага кол коюу-койбоо боюнча чечим кабыл ала тургандыгын билдирген.