«Кыргыз чоролору» кыймылынын активисттери парламент имаратынын алдында митинг өткөрүштү. Алар премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкасын талап кылышып, анын «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөлөрүн чет өлкөлүктөргө алмаштыруу демилгесине каршылыктарын билдиришти.

Митинг 10-апрель күнү Ак үйдүн алдында өттү. Активисттер «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясы боюнча маселенин чечилишин создуктуруп жаткандыгы үчүн Оторбаевди отставкага кетирүүнү талап кылышты. «Кумтөр» ишканасына канадалык «Центерра» компаниясы ээлик кылат, өз кезегинде Кыргызстан «Центерранын» акцияларынын 32,74 пайызына ээ.

Оторбаев парламенттин 9-апрелдеги жыйынында өкмөт эки жылдан бери аракет кылып келе жаткандай «Центерра» менен биргелешкен ишкана түзбөй эле, канадалык компаниянын директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүнү сунуштаган. Анын пикиринде, кеңештин учурдагы курамы Кыргызстандын кызыкчылыгында иштебей эле.

Анын бул идеясы «Кыргыз чоролору» кыймылынын активисттеринин каршылыгын жаратты — алар Оторбаевдин директорлор кеңешинин жаңы курамына Кыргызстандын жарандарын эмес, а чет өлкөлүктөрдү сунуштап жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришти.

Активисттер ошондой эле премьер-министр директорлор кеңешине менеджерлерди тандоонун жол-жобосун бузуп жаткандыгын айтышты.

«Анда [директорлор кеңешине талапкерлерди] тестирлөө болушу керек. Анан маектешүү өткөрүшү керек, андан соң кадрларды резервдик тизмеге киргизишет да ошол жактан директорлор кеңешин тандашат», — деп билдирди кыймылдын өкүлү Уран Рыскулов.

Парламент 9-апрелдеги жыйынында өкмөттүн «Кумтөр» боюнча макулдашуунун жаңы долбоорун даярдоо боюнча ишин «канааттандыраарлык эмес» деп тапкан. Оторбаевдин директорлор кеңешинин курамын өзгөртүү тууралуу жаңы сунушу кийинки аптада каралат.