Кыргызстандын бийлиги украин дипломаты Мустафа Джемилевдин жардамчысы Рустем Умаровдун «Манас» аба майданында текшерүүгө алынышы боюнча айткан сөздөрүнө нааразычылыгын билдирди. Тышкы иштер министрлиги саясатчынын айткандарын «кемсинтүү» катары баалап, ал «жергиликтүү меймандостуктан пайдаланып, аны сыйлабагандыгын көрсөткөндүгүн» билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дипломат Мустафа Джемилевдин укук коргоо органдары тарабынан «Манас» аба майданында текшерүүгө алынышына карата көрсөткөн мамилесинен улам Украин бийлигине нааразычылык нотасын жөнөттү.

Саясатчынын айтымында, кыргыз милициясы аны аба майданда үч саат бою кармап турган, а анын жардамчысы Рустем Умаровду камакка алууну көздөгөн. Джемилев текшерүү «кокустук эмес» жана ал «Москванын көрсөтмөсү» менен ишке ашырылган деп эсептейт.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги текшерүү маалында «жаңылыштык» болуп, анын кеңешчисин башка адам менен алмаштырып алгандыктарын билдирүү менен өз аракеттери үчүн саясатчынын алдында кечирим сураган.

Ошентсе да Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Джемилевдин айткандарын оор кабыл алып, аларды «адилетсиз» жана «Кыргызстандын көз карандысыздыгын кемсинтүү» деп атады.

«Кыргыз жеринде жүргөн чет элдин жараны М. Джемилев өзүнүн кемсинткен сөздөрү жана аны интернетке жарыялоосу менен жергиликтүү меймандостуктан пайдаланып, сыйлабагандыгын көрсөттү, мындай кадамдар Кыргызстан менен Украинанын эки тараптуу мамилелерине белгилүү бир терс таасирин тийгизиши мүмкүн», ― деп жазылган министрликтин пресс-релизинде.

ТИМ билдирүүлөрү үчүн Джемилевдин кечирим сурашын талап кылып, саясатчынын айткандары «анын жеке фобиясын» жана «пиар даярдыктарын демонстрациялык иштеп чыгуусун» көрсөтөт деп билдирди.

«Үч саат кармап турушту»

Джемилевге байланышкан бул окуя 2-июнь күнү эртең менен болгон ― саясатчы Кыргызстанга «Борбордук Азиядагы миграция маселелери» аталышындагы эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген.

Анын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жазылган билдирүүгө ылайык, кыргыз милициясы аба майданда аны үч саат бою «кармап турган».

«Биз эртең мененки саат беште учуп келдик, конференцияга үч жарым саат калган, анан баары ошол жакта башталды. Биз отурабыз, паспортторубузду алып алышты, бир нече мүнөттөн кийин жардамчым Рустем Умеровду чакырышты. Болжол менен жарым саат өткөндөн кийин ал телефон чалып, аны камакка алып жаткандыктарын айтты», ― деп билдирген Джемилев «Азаттык» радиосуна.

Айтымында, ал «бардык инстанцияларга»: Украианын ТИМине, украин президенти Петр Порошенконун администрациясына, ошондой эле Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Европа Кеңешине телефон чалган.

Ал үч сааттан кийин Умеровду кое бергендиктерин, а укук коргоо органдырынын өкүлдөрү ага украин саясатчысын «башка Рустем Умеров» менен алмаштырып алгандыктарын айткандыктарын билдирген.

«Мунун бардыгы мага эпсиз көрүндү, анан мен аларга: «Макул, а эмне үчүн мага паспортумду кайтарып берген эмес элеңер?», дедим. Мага: «көрдүңөрбү, эки паспорт тең силердин жардамчыңарда болгон» дешти. Бирок бул дагы кайрадан жалган, анткени ал паспортторду ага да беришкен эмес. Паспортторду биздин элчи келгенден кийин гана беришти. Мына ушундай жагымсыз окуя», ― деген Джемалев.

«Кармоо болгон эмес»

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Джемилевдин кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

«Болжол менен эртең мененки саат бештерде аба майданга эл аралык конференциянын катышуучулар бар учак келип конду. Учуп келгендердин биринин аты-жөнү, туулган жылы издөөдө жүргөн бир адамдыкына окшош болуп чыкты. Учуп келгендердин арасында Крым татар элинин курултайынын делегаты Рустем Умеров бар болгон. Чек ара өтмөгүндө аты жөнү аныкына окшош издөөдө жүргөн адам жөнүндөгү маалымат илинген болчу. Аны ошол адам экен деп жаңылыштык менен милиция бөлүмүнө алып барышкан», ― деп билдиришти ИИМден.

Андан сырткары мекемеден текшерүү иштери Джемилев билдиргендей үч саат эмес, а болгону 30 мүнөткө гана созулганын белгилешти.

«Окуядан кийин милиция кызматкерлери дароо эле меймандар менен консулдук кызматкерлерден жаңылыштык үчүн кечирим сурашкан», ― деп жазылган ИИМдин пресс-релизинде.

Крым татарларынын лидери

Мустафа Джемилев эң белгилүү украин саясатчыларынын бири жана крым татарларынын улуттук кыймылынын лидери болуп эсептелет. 2013-жылга чейин ал крым татарларынын Межилисинин башчысы болгон.

2014-жылдын мартында ал Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы кескин пикирин билдирген. Джемилев батыш лидерлерин Крымга тынчтык орнотуучу аскерлерди киргизүүгө чакырган, а жарым арал Орусияга кошулгандан кийин анын ал аймакка кирүүсүнө 2019-жылга чейин тыюу салынгандыгын билдирген.

Күн мурун анын уулу Хайсер Джемилев Краснодар аймактык сотунда сот арачылары тарабынан 2013-жылы Февзи Эдемовду өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган. Жакынкы күндөрү судья крым татарларынын лидеринин уулуна карата өкүм чыгарышы керек.