Тблисиде катуу жааган жамгырдын кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жатышат. Жаратылыш кырсыгынан улам шаардын төмөнкү бөлүгүн суу каптап, 12 киши каза болуп жана 24тү дайынсыз болууда. Ошондой эле суу ташкыны шаардык зоопаркка кыйла зыян келтирген: анда качып кеткен жырткычтардын кээ бири дагы деле кармала элек. 15-июнь Грузияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

14-июнга караган түнү Грузиянын борбору Тблисиде катуу жамгыр жаады. Суу ташкынынан улам турак-үйлөр, электр менен камсыз кылуу линиялары жана жолдор олуттуу зыянга учурады.

Шаардын мэри Давид Нарманиа 12 киши суу ташкынынын курмандыгы болгондугун билдирди. ИИМдин маалыматы боюнча, 24төн кем эмес адам дайынсыз болууда. Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили адамдардын каза болгондугуна байланыштуу 15-июнду аза күтүү күнү деп жарыялады.

«Тилекке каршы, бизде курмандыктар бар, Грузиянын өкмөтүнүн атынан алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Бул чоң трагедия жана мен аза күтүү күнүн жарыялайм. Бул үчүн өкмөттүн тиешелүү токтому даяр. 13-14-июндагы Тблисидеги ташкындан каза болгондордун элесине 15-июнда Грузияда аза күтүү күнү жарыяланат», — деп билдирди премьер.

Суу ташкыны шаарга олуттуу зыян келтирди: 200 киши үйсүз калды — алар убактылуу жашап туруу жайлары менен камсыз болушат. Ошондой эле Тблисинин 20 миңден ашык тургуну электр жарыгысыз калышты. Болжолдуу баалоолорго ылайык, суу ташкыны келтирген жалпы чыгым бир нече ондогон миллион лари (болжол менен он миллион АКШ доллары) деп бааланууда.

blog_entry_841522

Ташкындан улам Тблиси зоопаркынын көпчүлүк бөлүгүнө суу жайылган. Азыркы учурда 20 карышкырдын жана башка ондогон жырткычтардын качып кеткендиги белгилүү. Карышкырлардын алтоосу оорукананын аймагына кирип баргандыктан аларды атып салышкан. Азырынча үч пингвин, бир көкжал жана бегемотту табууга мүмкүн болгондугу белгилүү. Суу ташкыны маалында зоопарктын үч кызматкери каза болгон.

Сүрөттүн булагы Reuters агенттиги.