Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет КТРКнын «Тоолуктардын ток-шоусундагы» кемсинтүү сөздөрү үчүн Абдрахман Алымбаевге «расмий эскертүү» берди. Ал тууралуу коомчулукка билдирип чыккан «МК-Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов менен «түшүндүрүү маегин» өткөрүштү.
«Кыргызстандын УКМКсы 2015-жылдын 12-июнунда филологиялык-саясий экспертизанын жыйынтыгы менен Коомдук каналдын «Тоолуктардын ток-шоусунун» өткөн жылдын декабрындагы чыгарылышында сүйлөгөн кемсинтүү сөздөрү үчүн жазуучу, тарыхчы Абдрахман Алымбаевге расмий эскертүү берди», — деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Ошондой эле УКМК «МК-Азиянын» башкы редактору Бабакуловду «Арстандар жана чөөлөр тууралуу» макаласы үчүн айыптаган «Кыргыз чоролору» кыймылынын өкүлдөрүнүн арызын карады. Улуттук коопсуздук органдары башкы редактор менен «түшүндүрүү маегин» өткөрүштү.
Бабакулов «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына атайын кызматтын өкүлдөрү макалада улуттар аралык кагылышка чакырыктардын бар-жоктугун текшерип, эч нерсе таппагандыктарын жазды.
«Бирок макалада «титулдук улуттун кээ бир өкүлдөрүнүн кыжырын келтире турган учурларды» көрүшүптүр», — деп жазган башкы редактор.
«Тоолуктардын ток-шоусу» берүүсүнүн ал чыгарылышы КТРКнын эфиринде 2014-жылдын 5-декабрында көрсөтүлгөн. Анда Жазуучулар союзунун төрагасы Алымбаев кыргыздарды «арстандар», а Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрүн «чөөлөр» деп атап, «улутчул маанайдагы» салыштырууларды келтирген.
Жарым жылдан кийин ток-шоуну «МК-Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов көрүп калып, башкы мамлекеттик телеканалды «улутчулдукту» пропагандалоого айыптап, Алымбаевдин сөздөрүн «улутчулдук маанайдагы билдирүү» деп атаган.
Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында КТРКнын жетекчилиги ток-шоуну жарым жылга жаап, алып баруучуну кызматтан четтеткен, а берүүнү даярдоого жооптуу болгон «Ибарат» студиясынын продюсерине сөгүш жарыяланган.