Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө нааразы болгон 50гө жакын активист парламент имаратынын алдында акция өткөрүштү.

Экинчи бөлүгү:

Биринчи бөлүгү:

Тексттик хроника:

10:18 Акциянын кээ бир катышуучулары Сооронкулованы колдогон сөздөрдү кыйкырып, парламент имаратын айланып келүүгө чакырышууда.

10:06 Акциянын катышуучулары: «Клара, азамат!» жана «Кларадан колуңду тарт!», деп кыйкырып жатышат.

10:05 Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы митинг акырындык менен саат 10:00гө белгиленген Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы колдоо акциясына өттү. Сооронкулова биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү мыйзам менен макул болбогондугу үчүн кызматынан четтетилген.

10:01 Укук коргоочу Рита Карасартова акцияны революция эстелигине чейинки жүрүш менен аяктоону сунуштоодо.

9:55 Акциянын катышуучуларынын саны болжол менен 50 кишиге көбөйдү.

9:50 Юрист Нурбек Токтакунов Конституцияны өзгөртүү жарандардын мыйзамга болгон мамилесин буза тургандыгын айтууда.

«Бул өзгөртүүлөр үчүн парламенттин кийинки чакырылышы жоопкерчилик албайт. Ал чакырылышка да Конституцияны өзгөртүү идеясы келет, анткени Конституциянын туруктуулугунун идеясынын  өзү бузулду. Бул бийликти узурпациялоого алып барчу түз жол. Мен адамдар өзүлөрүнүн алданып калууларына жол беришпейт деп ойлойм, анткени алардын мээсине көйгөйдүн бардыгы тең Конституциянын тексти туура эмес жазылгандыгынан улам деп куюп жатышат», – деди ал.

9:48 Демонстранттар «Нарымбаев, кет!», деп кыйкырып башташты.

9:45 Акциянын катышуучулары: «Конституциядан колуңду тарт!», деп кыйкырышууда.

9:15 Оппозициялык саясатчы жана мурунку дипломатиялык кызматкер Адил Турдукулов алардын акциясы парламент мораторияге карабастан Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө аракет кылып жаткандыгына байланыштуу экенин айтты.

«Алар элдин эмне ойлоп, эмнени каалап жатканын угуп да коюшпайт. Алар Бакиев жана Акаев кезиндегидей элди кордоого даяр. Өзгөртүүлөр экономиканын өнүгүшүн жакшыртат деген сыяктуу сөздөр менен элдин мээсин айландырып жатышат. Алар Конституцияны бузуу менен жарандардын укуктук аң-сезимин жана мыйзамга болгон сыйын бузуп жатышат», — деп билдирди ал.

Контекст: Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү

Мыйзам долбоорун парламенттик көпчүлүккө кирген үч фракциянын лидерлери — Феликс Кулов («Ар-Намыс»), Чыныбай Турсунбеков (КСДП) жана Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») сунушташкан.

Мыйзамдын долбоору парламенттин басма сөз кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин сайтына 22-майда жайгаштырылган. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган 1993-жылдан берки өлкөнүн баш мыйзамынын тогузунчу редакциясы болот.

Мыйзам долбооруна жазылган пресс-релизде баш мыйзамдын 2010-жылы кабыл алынган жаңы редакциясы «өлкөдө чыныгы парламентаризмди орнотту» жана «бийлик менен элдин ажырымын ишенимдүү жойду» деп жазылган.

«2010-жылдын апрелиндеги элдин баатырдыгынан жаралган Конституцияда гуманизмдин бийик идеяларын, мурдагы бийлик тарабынан каралбай, тепселип келген демократиялык өнүгүүнүн жана мамлекетти куруунун ири жетишкендиктерин өзүнө камтыды жана орнотту», — деп жазылган парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын лидерлеринин билдирүүсүндө.

Бирок алардын айтымдарында, 2010-жылы Конституцияга «баштапкы маани-маңызына, реалдуу турмушка дал келбеген», «кийинки практикада өзүн актабай калган» «өзүнчө түзөтүүлөр» киргизилген.

«Бул мамлекеттик органдардын ишинин башаламан болушуна, бийликтин алсыздыгына жана чечкинсиздигине, элдин нааразычылыгынын өсүшүнө алып келүүдө», — деп ишендиришкен Кулов, Турсунбеков жана Текебаев биргелешкен билдирүүсүндө.

Аны менен катар Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси оппозициялык депутаттар жана жарандык коом тарабынан бир нече жолу сындалган. Бул демилгеге каршылыгын билдирип жаткандардын башкы аргументи 2010-жылдагы референдум менен кабыл алынган баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө киргизилген мораторий эсептелинет.

Мыйзам долбоору бийликтин  аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын үчөөнө тең тийиштүү болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Тема боюнча: Парламент Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо?

Сунушталган өзгөртүүлөрдүн кыскача тизмеси:

  • парламент Жогорку соттун башчысы менен анын орун басарларын тандоо укугун алат;
  • кыргызстандыктар Жогорку соттун акыркы чечиминен кийин дагы «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» иштеринин кайрадан каралышына жетишүү укугуна ээ болушат;
  • Конституциялык палата Жогорку соттун курамынан чыгарылат жана мамлекеттик көзөмөлдөөчү орган болуп калат;
  • укук коргоо органдары депутаттарды мандат алганга чейин жасаган кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тарта алышат;
  • партиялар депутаттарды чакырып алуу жана аларды мандатынан ажыратуу укугуна ээ болушат;
  • премьер-министр отставкага кеткенден кийин депутат боло алат;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары кеңеш тарабынан эмес, а өкмөт тарабынан дайындалат;
  • премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетире алат;

Сын пикирлер

Буга чейин жарандык коомчулук менен оппозициялык депутаттар Конституцияны өзгөртүүгө бир нече жолу каршылыктарын билдиришкен. Алсак, Сот системасын көзмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Конституциялык палатаны сот системасынан чыгаруу «аны президенттин аппаратынын экинчи юридикалык бөлүмү кылып коет» деп эсептейт.

«Конституциялык палатага кайрылгандардын 87 пайызы — бул жарандар, демек жаран өзүнүн конституциялык укуктарын сотто талашуу укугунан ажырайт. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кыргызстандыктардын сот адилеттигине жетүү маселесин, корруцияны жоюу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык маселелердин чечилишин жакшыртпайт», — деп билдиришкен жарандык кеңештен..

Ошондой эле кеңеш мыйзам чыгаруу бийлигине өзгөртүүлөрдү киргизүү «парламентаризмди бузуп», «фракция лидеринин диктатурасын» орното тургандыгын белгилеген.

«[Өзгөртүүлөр] президент менен парламенттин бийликтин сот бутагына болгон таасирин кыйла күчтөнтөт. Өз кезегинде ал кармап туруу жана тең салмактуулук системасын бузуп, бийликтин узурпацияланышына алып келиши мүмкүн», — деп эсептешет Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештегилер.

Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов «Азаттык» радиосуна берген маегинде сунушталган өзгөртүүлөрдү «өлкөнүн өнүгүшү үчүн принципиалдуу» болуп эсептелбеген «косметикалык» өзгөртүүлөр деп атаган.

«Юрист катары, Кыргызстандын жараны катары учурдагы Конституциянын өзгөртүлүшүнө толугу менен каршымын. Менин көз карашымда бул жыйынтык бербейт, демилге коркунучтуу болушу мүмкүн. Анткени конституциялык түзүлүштүн системасын бузуу менен биз жай аракетке келчү минаны коюп жатабыз», —деп жазган «Азаттык» Ибраимовдун айткандарын.

Саясат таануучу Марс Сариев «Озодагон» маалымат агенттигине берген маегинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү «кооптуу» болушу мүмкүндүгүн жана өлкөнүн жарандары ал өзгөртүүлөрдөн «кандайдыр бир контекст көрө тургандыктарын» билдирген.

«Алдыда парламенттик шайлоо келеатат, андан кийин президенттик щайлоо болот, анан адамдарда бийлик Конституцияны өзүнө ылайыкташтырып өзгөртүп жатат деген ой пайда болот. Өлкөнү Аскар Акаев, Курманбек Бакиев башкарып турганда да ошондой болгон. Жарандар андан бери эч нерсе өзгөргөн жок, азыркы бийлик дагы ошондой кылып жатат деп ойлошот», — деп жазган «Озодагон» Сариевдин айткандарын.