Парламент акыйкатчы Бактыбек Аманбаевди 25-июнда отставкага кетирген. Мамлекеттик жаңы укук коргоочунун кандай шайлана тургандыгы жана анын милдетин ким аткарары тууралуу Kloop.kgнин материалында.
Акыйкатчы Аманбаев анын ар жылкы отчету парламент тарабынан канааттандыраарлык эмес деп табылгандан кийин 25-июнда отставкага кетирилген.
Жаңы акыйкатчы шайланганга чейин мамлекеттик укук коргоочунун милдеттерин КСДП фракциясынан парламенттин мурунку депутаты, акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева аткарат.
Ким акыйкатчы боло алат?
Акыйкатчы кызматына Кыргызстандын 30 жаштан 60 жашка чейинки каалаган жараны ат салыша алат. Талапкер буга чейин соттолбогон болушу керек.
Парламенттик фракциялар өз талапкерлерин сунуштоо укугуна ээ, бирок ар бир фракциядан үчтөн ашык болбошу керек. Азыр парламентте беш фракция бар — КСДП, «Ата Мекен», «Ар-Намыс», «Республика» жана «Ата-Журт».
Акыйкатчы кызматына депутаттардын өзүлөрү же министрликтердин кызматкерлери талапкерликтерин койгон учурлар белгилүү — мисалы, 2013-жылы аталган кызмат ордуна «Ата Мекен» фракциясынан парламенттин вице-спикери Асия Сасыкбаева талапкерлигин койгон.
Акыйкатчы качан шайланат?
«Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, кийинки акыйкатчыны шайлоо мурункусунун отставкасынан кийинки бир ай ичинде өткөрүлүшү керек. Акыйкатчы парламент тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу бир нече баскычта шайланат.
Добуш берүү күнү ар бир талапкер өзүн тааныштырып, акыйкатчы кызматында эмне иш кылары жана программасы тууралуу айтып берет.
Талапкерлердин бардыгы сүйлөп бүткөндөн кийин депутаттар добуш берип башташат. Эгер талапкерлердин бири жыйынга катышып жаткан депутаттардын добуштарынын көбүн алса, анда жаңы акыйкатчы шайланды деп эсептелинет. Бирок ошол эле маалда аны колдоп добуш берген эл өкүлдөрүнүн саны 50дөн кем болбошу керек.
Эгер талапкерлердин бири дагы тиешелүү сандагы добуштарды ала албаса, анда добуш берүүнүн экинчи баскычы белгиленет — анда талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган эки талапкер тандалат.
Андан соң парламент ал эки талапкер үчүн добуш берет — анын жыйынтыгында добуштардын көбүнө ээ болгон талапкер акыйкатчы болот. Мында дагы көп добуш алган талапкерге добуш берген депутаттардын саны 50дөн кем болбошу шарт.
Эгер талапкерлердин экөөсү тең тиешелүү сандагы добуштарды ала алышпаса, анда парламент добуштардын көбүрөөгүн алган талапкерлердин бирин тандайт. Эгер ал дагы жыйынга катышып жаткан депутаттардын добуштарынын көбүнө ээ боло албаса, анда жаңы талапкерлердин катышуусундагы жаңы шайлоо белгиленет.
Парламент акыйкатчыны июлдун башталышынан августун аягына чейин улана турган жайкы каникул алдында отставкага кетиргендиктен, акыйкатчыны шайлоо үчүн депутаттар кезексиз жыйынга чогулуулары керек болот.
Акыйкатчы шайланды. Андан ары кандай болот?
Акыйкатчы кызматка киришердин алдында өз милдеттерин так жана ак-ниеттүүлүк менен аткарууга ант берет.
Акыйкатчы мыйзам долбоорлорунун иштелип чыгуусуна катышып, алардын адам укуктарына байланышканына карата корутунду бериши керек.
Эл аралык келишимдерди түзүү же алардын аракеттерин токтотуу боюнча сунуштарды киргизүү.
Акыйкатчынын ыйгарым укуктары эмнени берет?
Акыйкатчы төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
- адам укуктарына жана эркиндигине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп таануу жөнүндөгү сунуштама менен Конституциялык палатага кайрылуу;
- парламенттин жыйындарына катышып, президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагалары, Башкы прокурор, Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу курамындагы адамдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жолугушуу;
- мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнө тоскоолдуксуз кирүү;
- мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан колундагы маалыматтарды суратып алуу;
- кайсыл убакта болбосун пенитардык системанын мекемелерине: колонияларга, түрмөлөргө, тергөө абактарына, убактылуу кармоочу жайларга кирүү;
- мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга баруу.
Акыйкатчынын милдеттери:
- Конституцияны жана Кыргызстандын башка мыйзамдарын сактоо;
- жашыруун маалыматтарды сактоо — бул милдеттеме анын ыйгарым укуктары аяктагандан кийин да күчүндө болот;
- арыз берүүчүнүн жеке жашоосу тууралуу алынган маалыматтарды анын уруксаты жок жарыялай албайт;
- даттанууну текшерип бүткөн соң анын жыйынтыктары тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.
Авторлор: Бактыгуль Ракымбаева жана Айсулуу Касымова.
Сүрөттө мурунку акыйкатчы Бактыбек Аманбаев.
samples of essay writing