Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Максат Кунакуновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал «Ислам мамлекетинин» атайын операция маалында өлтүрүлгөн «согушкерлери» менен «туруктуу» жана «түздөн-түз» байланышта болгон деп айыпталууда.

22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы «Ак Жол» партиясынын экс-депутаты Максат Кунакуновго карата баш коргоо чарасы белгиленгендигин билдирди.

Ал 16-июлда Бишкекте жана шаардын четинде өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөн «Ислам мамлекетинин согушкерлерин» каржылаган деп айыпталып атайын кызматтагылар тарабынан 20-июлда кармалган.

«Эл аралык террористтик «Ислам мамлекети» уюмунун көмүскө уячасынын согушкерлери […] кармалган адам менен түздөн-түз жана туруктуу байланышта болушкан», — деп билдиришти УКМКдан.

УКМК кызматкерлери Кунакуновду 20-июль күнү эртең менен «Манас» аба майданында кармашкан. Атайын кызматтагылардын билдирүүсү боюнча, ал кармалган маалда өлкөдөн чыгып кеткени жаткан.

«Кармалган К.М.К антитеррористтик операциянын жүрүшүндө жок кылынган уячанын лидерлеринин бири, буга чейин соттолгон, «Тоха» деген каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөсү Жумагулов Тариел Советбекович аркылуу жок кылынган террористтик топко каражат берип, аларды курал-жарак менен камсыздап тургандыгын аныкталды», — деп билдиришкен атайын кызматтагылар.

Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, «согушкерлер» «акча каражатына ээ болуу» максатында каржы мекемелери менен жеке адамдарга бир канча талоончулук кол салууну ишке ашырууну пландашкан.

УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү 16-июлда үч «антитеррористтик» операция өткөргөн, алардын жыйынтыктарында 8 «согушкер» жок кылынып, 7си кармалган — операциялар Бишкекте жана шаардын четинде өткөрүлгөн.

Атайын операциянын эртеси УКМК кармалгандар менен өлтүрүлгөндөр экстремисттик «Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү экенин билдирген.

Тема боюнча: Жок кылынган «согушкерлер» — «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрү болушкан

Кунакуновдун саясий карьерасы 2005-жылы башталган.  Ал 2008-жылга чейин «Ак Жол» партиясынын жаштар комитетинин төрагасы болгон. А 26 жашында аталган партиянын тизмеси менен парламентке өткөн. Бир жылдан соң аны «Ак Жол» фракциясынын башчысынын орун басары кылып дайындашкан.

2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин Кунакунов парламент депутаты болбой калган. Учурда ал «Жаштар өкмөтү» деген жаштар уюмунун лидери болуп эсептелет.