Америкалык изилдөөчү Уин Маклафлин Нарын облусунун Кочкор айынынын жанынан носорогдун, төө куштун жана жирафтын сөөктөрүнүн калдыктарын тапты — болжолдуу маалыматтар боюнча, сөөктөргө 6 миллион жыл болгон. Кыргыз Илимдер академиясынан мындай табылгалар совет мезгилинде да болгондугун айтышты.

Табылга тууралуу 29-июлда белгилүү болду — АКШнын Кыргызстандагы элчилиги америкалык изилдөөчү Уин Маклафлин Кочкордо (Нарын облусу), Кант шаарынан алыс эмес жерде жана Ысык-Көл облусунун бир катар аймактарында кыргыз жаныбарлар дүйнөсү үчүн экзотикалык болгон жандыктардын сөөктөрүнүн калдыктарын тапкандыгын билдирди.

Изилдөөчүнүн өзү билдиргендей, казуу иштери Кыргызстандын Илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институту менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлгөн. Ал ага Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери жардам бергендиктерин кошумчалады.

vb.kg жаңылыктар сайты Маклафлин Кыргызстанда казуу иштерин АКШдагы Орегон штатынын университетиндеги доктордук ишинин алкагында жүргүзгөндүгүн жазды.

Уин Маклафлин.
Уин Маклафлин.

«Спутник» маалымат агенттиги америкалык изилдөөчүнүн өзүнө шилтеме жасап, казуу иштери биротоло аяктагандан кийин сөөктөр жакшылап изилдөө үчүн АКШга жөнөтүлөрүн, андан соң кайрадан Кыргызстанга алынып келинерин жазды. Кыргызстандыктар ал сөөктөрдү Бишкектеги Тарых музейинен көрө алышат.

«Изилдөөнүн жүрүшүндө биз жаныбарлардын климаттык жана географиялык жашоо шартын гана эмес, ошондой эле алардын сырткы көрүнүшүн толук калыбына келтиребиз», — деп жазган vb.kg америкалык изилдөөчүнүн айткандарын.

«Тропикалык климат»

Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Kloop.kgге берген маегинде бул сыяктуу табылгалар совет мезгилинде да табылып келгендигин айтты — окумуштуулар 1950-жылдары байыркы замандагы жаныбарлардын сөөктөрүн табышкан.

«Ал барып келген жерлер эбак эле белгилүү болчу. 1950-жылдары эле советтик геологдор ал жерлерди билип, изилдешкен», — деп билдирди Абдрахматов.

Ал советтик геологдор тарабынан табылган сөөктөр Москвага жөнөтүлүп, учурда да ошол жакта болушу мүмкүн болгондуктан алар тууралуу коомчулук билбейт деп эсептейт.

Доктор советтик окумуштуулар жирафтар менен төө куштардын сөөктөрүнүн калдыктарын таппагандыгын жана бул табылгалар чынында эле жаңы нерсе болуп эсептелерин белгиледи.

Абдрахматов мурда Кыргызстандын аймагында «тропикалык климат болгондуктан» андай экзотикалык жаныбарлар ушул аймактарда жашагандыгын айтып түшүндүрдү.

«Кочкордун айланасында жирафтар жашаган кезде ал аймакта тоолор жок болгон, климаты да башкача болгон — тропикалык климатка жакыныраак. Ал аймакта тоолор болжол менен 6 миллион жыл мура пайда боло баштап, ал аталган жаныбарлардын өлүп жок болуусуна себеп болгон. Тоолор пайда болуп, климат суук тартып өзгөрө баштаган. Байкуш жирафтар массалык түрдө башка жакка кете башташкан, а кээ бирлер өлүп калышкан», — деди Абдрахматов.

Анын айтымында, бул маалымат окумуштуулардын аймактагы тоолордун өсүү ылдамдыгын эсептеп чыгуусуна жардам берет.

«Биз эсептеп чыктык, эгер тоолор 6 миллион жыл мурда өсүп башташса жана алардын болжолдуу бийиктиги деңиз деңгээлинен 5000 метр бийиктикке барабар болсо, демек тоолордун көтөрүлүүсүнүн болжолдуу өсүүсү жылына 1 миллиметрди түзөт», — деп билдирди ал.

Буга чейин Тянь-Шань тоолорунун өсүү ылдамдыгы миллиметрдин жүздөн бир үлүшү деп бааланып келген.

Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, археолог Аида Абдыканова Kloop.kgге курган маегинде 6 миллион жыл мурда азыркы Кыргызстандын аймагында субтропикалык климаттын болушу ыктымалдыгын ырастады.

«Демек бул плиоценде (5,3 — 2,5 млн. жыл мурда) жана балким плейстоцендин башталышында (2,5 млн. жыл мурда) мында Африкадагыдай климат болгон дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан бул жакта тропикалык жаныбарлар жүрүшкөн», — деп эсептейт Абдыканова.

Автор: Эльнура Алканова

Сүрөт АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды.