Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү азырынча тоо этектерине жазылган партиялардын аталыштарынын үгүт болуп эсептелер-эсептелбестиги боюнча бир пикирге келише элек. БШКнын чечимине ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө 4-сентябрга чейин тыюу салынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурмамат Ашимов Kloop.kgге берген маегинде БШК азырынча тоо этектерине жазылган партиялардын аталыштарынын үгүт болуп эсептелер-эсептелбестиги боюнча бир пикирге келе электигин билдирди.

«БШКнын мүчөлөрүнүн жарымы ал адамдарга таасир этип, үгүт болуп эсептелерин айтып жатышат, а калгандары алар [жазуулар] адамдардан алыс жайгашкан жана аларга таасир этпейт деп айтып келишет. Ошондон бери бул маселе ачык бойдон калууда», — деди ал.

Республикалык ЖККнын басма сөз кызматынан партиялардын аталыштары түшүрүлгөн Боом капчыгайы аркылуу күнүнө орточо эсеп менен канча автоунаа өтөрүн билбей тургандыктарын айтышып, Kloop.kgнин кабарчысына ал жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн өз алдынча текшерип көрүүсүн сунушташты.

Нурмамат Ашимов Боршайком кийнки аптада бул маселе боюнча бир пикирге келүүгө дагы бир жолу аракет кыларын айтты. Ашимовдун өзү партиялардын андай жазууларын үгүт деп эсептейт. А БШКнын башчысы Туйгуналы Абдраимов азырынча бул маселе боюнча өз позициясын так билдире элек.

Партиялардын тоо этектерине жазылган аталыштары боюнча Боршайкомдун мүчөлөрүнүн арасындагы талаш-тартыштар ушул жылдын июлунун аягында, парламенттик шайлоонун датасы жарыялангандан кийин башталган. БШКнын чечимине ылайык, үгүт иштерин жүргүзүүгө 4-сентябрга чейин тыюу салынган.

Үгүт иштерин эрте баштаган КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен», «Бүтүн — Кыргызстан Эмгек», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» партиялары шаар көчөлөрүнө жайгаштырылган жарнак такталарын 1-августка чейин алышкан.

Бирок таштар менен аталыштарын тоо этектерине түшүргөн партиялардын бирдыгы эле аларды алышкан эмес. Кеминде үч партия — «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн — Кыргызстан Эмгек» жана «Республика — Ата-Журт» — Боом капчыгайына өз партияларынын аталыштарын жазышкан.

4-августка чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө болбойт

28-июлда Абдраимов партиялар үгүт маалыматтары менен жарнак такталарын 1-августка чейин алуулары керектигин буйурган.

«Эгер партиялар бул талаптарга баш ийбесе, анда биз чараларды көрөбүз, тактап айтканда, биз тез аранын ичинде аларды [үгүт такталарын] алуу боюнча эскертүү беребиз. Эгер алар биздин берген эскертүүлөрүбүздү бир нече жолу кулак сыртынан кетирише турган болсо, анда биз партияларга саясий партиянын атынан талапкерлерди каттоодон баш тартууга укуктуубуз», — деп билдиришкен анда БШКдан.

Партияларга өз аталыштары менен белгиси түшүрүлгөн такталарын шайлоо алдындагы штабдары жайгашкан имараттарга гана илүүгө уруксат берилген.

Бир нече партиянын өкүлдөрү Kloop.kgге БШКнын талаптарына баш ийүүгө даяр экенин билдиришкен — тыюу салынгандан бир нече күн өткөндөн кийин алар шаар көчөлөрүнө илинген үгүт материалдарын кайрадан алышкан.

«Жетиштүү эмес мөөнөт»

Шайлоолорго көз салуу менен алектенген «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» укук коргоо уюмунун башчысы Динара Ошурахунова партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө берилген «мөөнөттүн аздыгынан» улам шайлоо мыйзамдарын бузууга барып жаткандыктарын билдирди.

«Саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө болгону бир гана ай берүү жарабайт. […] Бир айдын ичинде ар бир аймакка жетүү деген эмне? Бир айдын ичинде ал эмес программа дагы өздөштүрүлбөйт, а мында болсо шайлоочуга жок дегенде 34 партиянын тизмесин гана билүүгө бир күндөн аз убакыт берилүүдө», — дейт укук коргоочу.

Ошурахунованын айтымында, шайлоо мыйзамы «шайлоочу тууралуу ойлобойт», а «партияларды жазалоо үчүн шарттарды түзүү» жөнүндө ойлойт.

«Бул кыска аралыкка чуркоо сыяктуу — үгүт башталганда бардыгы аймактарга чапкылашат — бир айдын ичинде шайлоочуга телевизордон, стадиондордон, жарнак такаталарынан укмуштуудай көп маалыматтык чабуул жасалат да кайрадан тыптынч болуп калат», — деп эсептейт «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» башчысы.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, шайлоолорду өткөрүүгө жооптуу болгон орган үгүт иштерин баштоо тууралуу ченемди жоюуну сунуштаган.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт — бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки өлкөдөгү экинчи парламенттик шайлоо болот.

БШК 2-августта партиялардын парламенттик шайлоого катышууга арыздарын кабыл алууну аяктаган. Анын жыйынтыгы менен шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирген. Алар 25-августка чейин БШКга депутаттыкка өз талапкерлеринин тизмесин берип, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.

Автору: Калида Кубанычбекова
Башкы сүрөттүн автору: Эльдияр Арыкбаев