Кыргызстандын «Алга» футболдук командасы АФКнын 2016-жылкы кубогунун тандап алуу бөлүгүндө биринчи беттешин өткөрдү. Анда ал Макаонун «Бенфика» клубун 2:0 эсебинде утту.
Беттеш 11-августта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы (мурдагы «Спартак») стадиондо өттү. «Алга» кыргыз клубу «Бенфиканын» дарбазасына эки топ киргизип, АФКнын 2016-жылкы кубогунун тандап алуу оюндарында алгачкы жеңишине жетти.
Эсепти кыргызстандык клубдун оюнчусу Иван Филатов ачты.
Ильдар Амиров менен Павел Сидоренко топту өз ара беришип атаандашынын дарбазасына жакындашты, бирок оюнчулар топтолгон жерде топту жоготуп жиберишти. Ошол маалда айып аянтчасындагы топко Иван Филатов жетип келип, аны дарбазанын сол бурчуна узатты. «Бенфиканын» дарбазачысы аракет кылганы менен топту токтото алган жок.
Биринчи жарым бөлүктүн соңунда «Бенфиканын» дарбазасынын жанында кооптуу абал түзүлдү. Сергей Калеутин топту атаандашынан тартып алып, Турсунали Рустамовго узатты. Өз кезегинде ал топту «Бенфиканын» дарбазасынын жогорку сол бурчуна багыттады, бирок дарбазачы бийик секириги менен аны тосуп койду.
Экинчи жарым бөлүк башталгандан көп өтпөй кыргыз командасында алмашуу болду. Беттештеги алгачты топту киргезген Филатов жараат алып, анын ордуна Мирбек Ахматалиев кирди.
Оюнга киргенине төрт мүнөт болгондон кийин Ахматалиев топту «Бенфиканын» коргоочуларынан тартып алып, айып аянтчасына кирип баруу менен дарбазанын жогорку оң бурчуна сокку узатты. Макаолук клубдун дарбазачысы Руй Нибра топко колу менен жеткени менен аны токтото алган жок. Эсеп кыргыз командасынын пайдасына 2:0 болду.
Беттештин жүрүшүндө эки команданын тең оюнчулары эреже бузбай ойноого аракет кылышты.
Биринчи жарым бөлүк аяктап калганда «Алга» атаандашынын дарбазасына чабуул жасоого аракет кылып, жарым коргоочу Амиров «Бенфиканын» дарбазасына жакын барып, коргоочуларды алдап өтүү аракетинен соң жыгылды. Ал Макао клубунун оюнчулары эреже бузду деп айткысы келип, колун жогору көтөрдү, бирок калыс оюн эрежеси бузулбаганын айтып, беттешти андан ары улады.
Оюн «Алганын» пайдасында 2:0 эсебинде аяктады.
Оюн аяктаган соң алгачкы топту киргизген Филатов беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.
«Алганын» машыктыруучусу Нурзат Кадыркулов билдиргендей, Филатов кийинки оюнда ойношу керек болгондуктан улам алмаштырылган.
«Филатов анчалык деле чоң жараат алган жок, бирок машыктыруучулар штабы аны кийинки беттештерге сактап, алмаштырууну туура көрдүк», — деди ал.
Машыктыруучу анын оюнчуларында эс алууга убакыт бар экенин айтып, бирок командасы кийинки оюнга даярданып, машыга тургандыгын билдирди.
Беттештен кийинки маалымат жыйынына катышкан Филатов клуб үчүн мындай мелдеште ойноо мүмкүнчүлүгү жаралган соң алар татыктуу ойноого аракет кылышкандыгын айтты.
«Биз жакшы дем-күч менен чыктык, анткени бизде АФКда ойноо мүмкүнчүлүгү жаралды. Бардыгыбыз алгачкы беттештин маанилүүлүгүн сезип, алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле басым жасоого кириштик», — деди ал.
«Бенфиканын» башкы машыктыруучусу бул клубдун АФК кубогунун тандап алуу бөлүгүндөгү алгачкы оюну экенин белгиледи.
«Биз бул мелдешке алгачкы жолу катышып жатабыз. Биринчи жарым бөлүктө бизде көп мүмкүнчүлүктөр болду, бирок биз аларды пайдалана алган жокпуз. Экинчи жарым бөлүк болсо таптакыр башкача болду, биз көп кооптуу убул жараттык, бирок киргизе алган жокпуз», — деди ал.
«Кантсе да бул алгачкы оюн, алгачкы тажрыйбалар. Мен жыйынтыкты кандай болсо ошондой кабыл алам», — деп жыйынтыктады ал сөзүн.
АФК кубогу
Футбол боюнча Азия конфедерациясынын кубогу — Европадагы Европа лигасы мелдешинин аналогу. Анда 24 өлкөнүн чемпиондору жана АФК президентинин 2014-жылкы кубогуна катышкан командалар ойношот.
Былтыр «Алга» өлкө чемпионатындагы «Топ Лигада» үчүнчү орун алганына карабастан ал АФК кубогуна Кыргызстандын атынан катышат. Өткөн жылы вице-чемпион болгон «Абдыш-Ата» мелдешке катышуудан баш тарткан, а учурдагы чемпион «Дордой» 9-февралда өткөн квалификациялык бөлүктө түркмөнстандык «Ахалом» клубуна утулуп, кубоктун кийинки оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Тандап алуу бөлүгүнүн «В» тобундагы беттештеринин бардыгы тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
«Алга» кийинки беттешин 13-августта өткөрөт — анда кыргызстандыктар Бангладештин «Шейх Джамал» клубуна каршы ойношот.