Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчөлөрү тарабынан ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл маселелери чечилгенге чейин чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөр алынбайт. Транспорт көзөмөлдөрү алынат, а кыргыз-казак чек арасындагы бажычылардын милдеттерин убактылуу чек ара кызматкерлери аткарышат.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке толук укуктуу мүчөсү катары 12-августта кирди. Интеграцияга кошулуу тууралуу документтерге ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө пункттарында бажы көзөмөлдөрү жоюлган.

Kloop.kgнин кабарчылары эки өлкөнүн бийлиги тарабынан бажы кызматкерлери алынган «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда болуп кайтышты — учурда алардын кызматтарын чек арачылар аткарып жатышат.

Чек ара аркылуу өтүп жаткан автоунааларды иттер текшерип, а чек арачылар визалык текшерүүлөрдү аткарып жатышат.

Бирок чек арадагы автоунаалар менен адамдардан турган кезек күтүүлөр дагы деле бар.

14-августта Кыргызстандын Экономика министрлиги чек арадагы көзөмөлдүн кандай өзгөрөрүн жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө экспорттоочулар кандай документтерди алуулары керектигин түшүндүргөн төрт тексттен турган билдирүү тараткан.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл

Экономика министрлигинин мааалыматы боюнча, азырынча кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункттары алынбайт.

«Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин ЕАЭБ тарабынан ветеринардык жана фитосанитардык чаралар чечилгенге чейин чек арадагы ветеринардык жана фитосанитардык өткөрүү пункттары алынбайт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бирок чиновниктер бул маселенин качан чечилерин тактап айтышпай эле. Атайын лабораторияларда берилип баштай турган ЕАЭБдин ветеринардык тастыктамаларын биримдикке мүчө өлкөлөрдүн резиденттери үчүн гана алышат.

Кыргыз-кытай, кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларында фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлгө баш ийген жүктөрдү эсептөөнүн электрондук системасы киргизилет.

Транспорт көзөмөлү

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишимге ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы транспорттук көзөмөл жоюлуп, биримдиктин сырткы чектерине которулат.

Экономика министрлиги билдирүүсүндө транспорттук жана салмак көзөмөлдөрү ички стационардык постторго которуларын жазган.

«Транспорттук көзөмөл инспекторлору Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан (чек ара аймактарынан башка) ички транспорт көзөмөл постторуна өтүүгө даяр», — деп билдиришти мекемеден.

Техникалык көзөмөл

Экономика министрлиги 12-августтан тарта Кыргызстанда Евразиялык биримдиктин техникалык регламенти иштеп баштагандыгын билдирди.  Экспорт үчүн даярдалып жаткан продукция атайын лабораториялардан тастыктамадан жана текшерүүдөн өтүшү керек.

Бирок Евразиялык экономикалык комиссиянын (биримдиктин аткаруу органы) сайтына ылайык, Кыргызстанда тиешелүү тастыктамаларды берген компетенттүү орган менен продукцияларды текшере турган лабораториялар азырынча жок.

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен Кыргызстанда өндүрүлгөн кандай гана продукцияны жеткирүүчү болбосун тастыктоо органдарынан продукциянын коопсуздугун ырастаган документтердин бирдиктүү формаларын алышы керек болот. Андан соң алар өз продукциясын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн каалаган аймагына жеткире алышат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин билдирүүсүндө айтылган.

Тастыкмаларды алгандан кийин өндүрүүчүлөргө кошумча документтер менен бажы декларациялары керек болбойт.

Санитардык көзөмөл

Экономика министрлиги түшүндүргөндөй, ЕАЭБде экономикалык биримдиктин аймагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынышы керек болгон товарлардын бирдиктүү тизмеси бар. Алардын биримдиктин бажы чек арасы аркылуу өтүүсүнө тараптар тарабынан аныкталган атайын өткөрүү пункттарында гана уруксат берилет. Алардын тизмеси ЕАЭБдин комиссиясынын катчылыгы тарабынан берилиши керек.

Санитардык көзөмөл ЕАЭБдин аймагына жугуштуу оорулар менен уулануулардын киришинин алдын алуу үчүн жүргүзүлөт.

ЕАЭБдин аймагына киргизилип жаткан товарлар төмөнкү учурларда текшерүүдөн өткөрүлөт:

— Бирдиктүү санитардык талаптарга жооп бербеген товарлардын келиши тууралуу маалымат билдирилгенде;

— транспорттук же коммерциялык документтерде көрсөтүлгөн товарлардын дал келбестиги тууралуу маалымат болгондо;

— транспорттоо шарттары, контейнерлердин бүтүндүгү жана таңгактары бузулгандыгы аныкталган учурларда.

Бирдиктүү тизменин экинчи бөлүгүндөгү товарларды алып келүү үчүн ишкерлерде продукциянын коопсуз экендигин ырастаган документтер болушу керек болот. Андай документтер ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук аккредитациялоо системаларында аттестацияланган лабораторияларда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча берилет. Андай лабораториялар ЕАЭБдин тастыктоо жана сыноо лабораториялары боюнча Бирдиктүү тизмесине киргизилиши керек.

Үчүнчү бөлүктөгү товарлар үчүн алардын коопсуз экендигин ырастаган документтер талап кылынбайт. Ишкер алынып бараткан товардын дал ошол категорияга тиешелүү экендигин ырастаган транспорттук жана коммерциялык документтерге ээ болушу жетиштүү болот.

ЕАЭБ

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштап, ал өлкө ичинде түрдүү талаш-тартыштарды жараткан.

2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Жол картасы өз ичине тийиштүү мыйзамдардын, ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынышын, бажы жана чек ара бекеттерин кайрадан жабдуу иштерин камтыган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.