Бишкекте кубик Рубикти ылдамдыкта чогултуу боюнча Кыргызстандын үчүнчү чемпионаты өткөрүлдү — 23-августта өткөн мелдеште жеңүүчү аталуу үчүн 5 жаштан 50 жашка чейинки кыргызстандыктар жарышышты.
Чемпионат үч курак категориясында өткөрүлдү: 10 жашка чейинки балдар, 11 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр жана чоңдор.
Мелдештин кээ бир катышуучулары стандарттуу 3х3х3 кубик Рубиктен сырткары анын анча белгилүү эмес болгон 2х2х2 жана 4х4х4 түрдөрүн чогултуу боюнча да жарышышты.
Чемпионаттын уюштуруучулары Kloop.kgге билдиришкендей, жалпысынан мелдешке катышууга 49 киши катталган.
10 жашка чейинкилер курак категориясында үчүнчү орунду беш жаштагы Айбийке Керимкулова ээледи, ал кубикти 1:22 мүнөттүн ичинде чогултуп, жөндөмдүүлүгү менен көрүүчүлөрдүн көбүн таң калтырды.
Бул категорияда 1:01 мүнөт жыйынтыгы менен жеңишке тогуз жаштагы Исхак Абдулахатов жетти.
Өспүрүмдөр категориясында Эмир Мойдунов кубикти 17:47 секунддун ичинде чогултуп, биринчи орун алды.
Чоңдордун арасындагы Илимбек Жумакадыров чемпион болду — ал кубикти 14:73 секундда чогулта алды.
4х4х4 кубигин Рафис Сайфуллин 1:20 минөттө, а 2х2х2 кубигин Жоордобек Эркебай уулу 5:37 секундда чогултуп мыкты көрсөткүчтөргө жетишишти.
«Стандарттуу» кубик Рубикти чогултуунун ылдамдыгы боюнча учурдагы дүйнөлүк рекорд 5:25 секундду түзөт — мындай көрсөткүчкө 2015-жылы америкалык Коллин Бёрнс жетишкен. 2014-жылы британ инженерлери тарабынан жасалган CubeStormer 3 роботу кубикти 3,253 секунддун ичинде чогулткан.
Текст: Алия Курманбекова
Видео: Азат Рузиев